КАРАСУУЛУК МУГАЛИМДЕР — АРАЛЫКТАН ОКУТУУНУН ТАЛАПКЕРЛЕРИ

  • 21.05.2020
  • 0

Кара-Суу районундагы №70 Ибрагим Кулбаев атындагы орто мектептин мугалимдер жамааты учурдагы аралыктан окутууну талаптагыдай уюштурганы үчүн Билим берүү жана илим министрлигине жана анын жетекчиси Каныбек Исаковго терең ыраазычылык билдиришти.

КАРАСУУЛУК МУГАЛИМДЕР - АРАЛЫКТАН ОКУТУУНУН ТАЛАПКЕРЛЕРИ

Мектептеги жалпы агай-эжейлердин, окуучулардын жана ата-энелердин атынан видео кайрылууну даярдаган Раева Гүлжамал мектепте бир топ жылдардан бери окуучу жаштарга кыргыз тилинен билим берет.

КАРАСУУЛУК МУГАЛИМДЕР - АРАЛЫКТАН ОКУТУУНУН ТАЛАПКЕРЛЕРИ

Видео кайрылууда мугалим 8-апрелден тартып республика мектептеринде министрлик даярдаган дистанттык билим берүү программасы ийгиликтүү ишке ашып жатканын өзү эмгектенген мектептин мисалында таасын көрсөтөт.

КАРАСУУЛУК МУГАЛИМДЕР - АРАЛЫКТАН ОКУТУУНУН ТАЛАПКЕРЛЕРИ

— Мен 11-класстардын Кыргыз тили сабактарын гана эмес, баардык сабактарга көз салып жатам. Мага мугалимдердин дикциясы, теманы түшүндүрүү чеберчилиги жакты. Аралыктан окутуу болсо да, мугалимдер сабактарды көрсөтмөлүү өтүп жатышат, — дейт демилгечил педагог.

КАРАСУУЛУК МУГАЛИМДЕР - АРАЛЫКТАН ОКУТУУНУН ТАЛАПКЕРЛЕРИ

Чыгармачылык менен изденип иштеген  мугалим окуучулар менен кайтарым байланыш жасоодо өзү кыйналбай жатканын, анткени ZOOM программасы аркылуу 200дөй окуучу менен байланышса болорун айтат.

КАРАСУУЛУК МУГАЛИМДЕР - АРАЛЫКТАН ОКУТУУНУН ТАЛАПКЕРЛЕРИ

 

— Inshort, Point Power, Classroom программаларын пайдаланып, 7-10 минуталык сабактарды даярдап, кайтарым байланыш үчүн пайдаланып жатабыз, — дейт аракетчил мугалим.

КАРАСУУЛУК МУГАЛИМДЕР - АРАЛЫКТАН ОКУТУУНУН ТАЛАПКЕРЛЕРИ

Учурдагы аралыктан окутуу окуучулар жана мугалимдер үчүн жеңил болушуна алдын-ала кам көрүп, Мегаком, «О» , Билайн мобилдик компаниялары жана башка ар кайсы тараптар менен өз убагында келишимдерди түзүп, жакшы шарттарды жаратып бергени үчүн карасуулук мугалим Билим берүү жана илим министрлигине ыраазычылык билдирет.

КАРАСУУЛУК МУГАЛИМДЕР - АРАЛЫКТАН ОКУТУУНУН ТАЛАПКЕРЛЕРИ

— Сөзүмдүн аягында, баардык окуучулардын, ата-энелердин жана мугалимдердин атынан мыкты уюштуруучулук эмгеги үчүн министрликке, Билим берүү жана илим министри Исаков Каныбек Абдуваситовичке ыраазычылык билдирем, — дейт Гүлжамал Раева.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер