КАРАКОЛ ШААРЫНДА «5 КАДАМ» КИТЕБИНИН ПРЕЗЕНТАЦИЯСЫ ӨТТҮ

  • 18.02.2026
  • 0

Каракол шаарында ата-энелерге арналган «5 кадам» китебинин, балдар үчүн жаңы ырлардын жана долбоордун Instagram-баракчасынын презентациясы болуп өттү.

КАРАКОЛ ШААРЫНДА "5 КАДАМ" КИТЕБИНИН ПРЕЗЕНТАЦИЯСЫ ӨТТҮ

Иш-чара Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык коомдук фонду тарабынан Миндеру фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «5ке чейин үлгүр» долбоорунун алкагында уюштурулду.

КАРАКОЛ ШААРЫНДА "5 КАДАМ" КИТЕБИНИН ПРЕЗЕНТАЦИЯСЫ ӨТТҮ

Форумдун негизги максаты — балдардын кенже курактан өнүгүүсү тууралуу илимий негизделген маалыматтарды ата-энелерге жеткирүү жана ата-эне менен баланын ортосундагы позитивдүү, ишенимдүү мамилени чыңдоо болду.

Иш-чарага фонддун аткаруучу директору Роза Кайыкова жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн социалдык бөлүмүнүн башчысы Салават Кадаев, ата-энелер, мугалимдер, бала бакча тарбиячылары катышты.

Салават Кадаев фонддун кенже курактагы балдарды өнүктүрүү багытындагы ишмердүүлүгүн жогору баалап, директорго Ыраазычылык баракчасын тапшырды.

КАРАКОЛ ШААРЫНДА "5 КАДАМ" КИТЕБИНИН ПРЕЗЕНТАЦИЯСЫ ӨТТҮ

Өз сөзүндө Роза Кайыкова баланын жашоосундагы эң маанилүү мезгил — 5 жашка чейинки убакыт экенин белгилеп, ата-энелерди ушул куракта балдарына көбүрөөк көңүл бурууга чакырды. Ошондой эле ал «5 кадам» долбоорунун Instagram-баракчасында ата-энелер үчүн видео форматындагы пайдалуу кеңештер жарыяланып турарын, ал эми илимий изилдөөлөргө негизделген маалыматтар китеп форматында да даярдалганын белгиледи.

КАРАКОЛ ШААРЫНДА "5 КАДАМ" КИТЕБИНИН ПРЕЗЕНТАЦИЯСЫ ӨТТҮ

КАРАКОЛ ШААРЫНДА "5 КАДАМ" КИТЕБИНИН ПРЕЗЕНТАЦИЯСЫ ӨТТҮ

Иш-чаранын алкагында эксперттик лекциялар уюштурулду. Асель Сүйүнбаева «Бактылуу баланы кантип чоңойтуу керек?» аттуу темада баяндама жасап, ата-энелерге баланын эмоционалдык абалын колдоо жана ишенимдүү байланыш түзүү тууралуу практикалык кеңештерди берди. Ал эми Нурбек Богачиев «Үй-бүлөдөгү коммуникацияларды туура куруу» темасында лекция окуп, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы ачык жана сый мамиленин маанисине токтолду.

КАРАКОЛ ШААРЫНДА "5 КАДАМ" КИТЕБИНИН ПРЕЗЕНТАЦИЯСЫ ӨТТҮ

КАРАКОЛ ШААРЫНДА "5 КАДАМ" КИТЕБИНИН ПРЕЗЕНТАЦИЯСЫ ӨТТҮ

Мындан тышкары катышуучулар үчүн викториналык оюн уюштурулуп, жигердүү катышкан жеңүүчүлөргө велосипед, самокат жана балдар чатыры сыяктуу баалуу белектер тапшырылды.

КАРАКОЛ ШААРЫНДА "5 КАДАМ" КИТЕБИНИН ПРЕЗЕНТАЦИЯСЫ ӨТТҮ

КАРАКОЛ ШААРЫНДА "5 КАДАМ" КИТЕБИНИН ПРЕЗЕНТАЦИЯСЫ ӨТТҮ

— Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга «5 кадам» китеби белекке берилди. Балдар үчүн мастер-класстар жана кызыктуу оюндар уюштурулду. Китептин мазмунунун негизинде викторина өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө велосипед, самокат жана балдар үчүн чатыр белекке тапшырылды. Мындан тышкары, катышуучулар логопед жана психологдордон акысыз кеңеш алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул иш-чара ар бир ата-энени өз баласынын келечеги үчүн жоопкерчилигин кайрадан ойлонууга чакырган маанилүү кадам болду, — дейт фонддун кызматкери С.Абдыбек кызы.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер