Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналды
- 22.10.2024
- 0
Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана университеттин 70 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференциянын негизги максаты — кайра жаралган кыргыз мамлекетинин 100 жылдык тарыхын талкуулоо, Кара-Кыргыз автономия облусунун улуттук мамлекеттүүлүктүн негизи катары укуктук жана саясий алкакта изилдениши, ошондой эле эгемендүү кыргыз мамлекетинин дүйнөдөгү социалдык-саясий жана экономикалык өзгөрүүлөрдүн глобалдык контекстиндеги ордун баалоо.
Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, профессор Аалыбек Акунов конференция кайра жаралган кыргыз мамлекетинин 100 жылдык тарыхын терең изилдөөгө жана жаштар арасында улуттук аң-сезимди, патриотизмди көтөрүүгө багытталгандыгына токтолду.
Сөз сүйлөгөндөрдүн арасында президенттин кеңешчиси Арслан Капай уулу, билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, тарыхчылар Зайнидин Курманов жана Орозбек Молдалиев, ошондой эле коомдук ишмер Аалы Карашев болду.
Тарыхчы жана түрколог Тынчтык Чоротегин онлайн режиминде баяндама жасап, байыркы жана орто кылымдардагы кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүнүн тарыхый этаптарын чагылдырып өттү.
Конференция кыргыз мамлекеттүүлүгүн мындан ары иликтөө жана анын заманбап эл аралык саясатта жана экономикада ээлеген орду боюнча илимий көз караштарды жана сунуштарды алмашуунун маанилүү аянтчасы болду.
Комментарийлер