Калдыктарды трендге айландыруу

  • 01.04.2026
  • 0

Калдыктарсыз тынчтык үчүн Эл аралык күнгө карата уюштурулган иш-чаранын алкагында 2026-жылдын 30-мартында “Циркулярдык инновациялар: калдыктарды баалуулукка айлантуу” аттуу көргөзмө-жарманке өткөрүлдү.

Калдыктарды трендге айландыруу
Өзүнүн продукцияларын алдыңкы “жашыл” компаниялар, ишкерлер жана университеттин өнөктөштөрү сунуштап, калдыктарды кантип стилдүү, пайдалуу жана инновациялык продукцияга айландырууга болорун көрсөтүштү.

“ЭКОФЕМ” коомдук фонду Чинара Султаналиеванын жетекчилиги алдында кайра иштетилген желимден жасалган практикалык, экологиялык жана эстетикалык буюмдардын кеңири түрүн сунуштады.
Ишкер Аида Эсенаманова кол менен жасалган самындан даярдалган реалисттик гүлдестелери менен конокторду таң калтырды. Анын продукциясы – искусство, химия жана жогорку сапаттын айкалышы болуп, ар бир деталы кылдат иштелген.

Калдыктарды трендге айландыруу
ASKAT компаниясы кайра иштетилген материалдардан жасалган жайнамаздарды жана башка килемдерди сунуштады. Алардын продукциясы туруктуулук маданий салттар менен шайкеш айкалыша аларын көрсөтүп турат.
Дизайнер Зарина Назарбек кызы курак жана туш кийизден жасалган уникалдуу буюмдарды тартуулады. Ал материалдарга экинчи өмүр берүү менен катар, иш-чаранын жалпы жасалгасын креативдүү уюштуруп, өзгөчө атмосфера жаратты.

Калдыктарды трендге айландыруу
Жаш ишкер Алия макраме техникасында жасалган саркеч паннолорду жана үй үчүн декор буюмдарын көрсөттү.
К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети in vitro ыкмасы менен алынган продукцияны сунуштап, бул Кыргызстандагы биотехнологиянын алдыңкы багыттарынын бири экенин белгиледи.
“Айыл Банк” ААК да жарманкеге катышып, өзүнүн “жашыл” каржылык продуктыларын жана демилгелерин сунуштады. Банктын өкүлдөрүнүн сөзү студенттер менен катышуучулардын чоң кызыгуусун жаратып, туруктуу каржылоону өнүктүрүүнүн жана экологиялык долбоорлорду колдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Экологиялык жарманке жөн гана көргөзмө болбостон, идея алмашуу, шыктануу жана өлкөдө “жашыл” ишкердикти өнүктүрүү үчүн маанилүү аянтчага айланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер