КАЙРЫМДУУ ЖАШТАР

  • 02.05.2018
  • 0

Бишкек шаарындагы №94 орто мектептин окуучулары Военно-Антоновкадагы балдар үйүнө барып келишти.

КАЙРЫМДУУ ЖАШТАР

Мектептин 10-классынын окуучуларын жаш мугалимдер Базарбаева Айгерим жана Закирова Кадия  алып барып, тарбиялануучуларга таттууларды белек кылышып, бир күн кечке түрдүү оюндарды ойношуп, балдардын көңүлүн көтөрүп келишти.

КАЙРЫМДУУ ЖАШТАР

  • Айгерим менен Кадия Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин физика жана электроника факультетинин 4-курсунун студенттери. Бул кыздар жаш экендигине карабай, сабактарын дагы жаңы ыкма менен өтүшүп, балдарды өздөрүнө тартып турушат. Кыздарыбызга ийгиликтерди каалоо менен бирге кайрымдуу болушуп, ушундай соопчулук иштерди көп жасап, окуучуларга татыктуу тарбия беришсин деген тилектебиз, — дейт ИУБ жетекчиси Камчыбекова Кайырниса.
Бөлүшүү

Комментарийлер