КҮНДҮЗГҮ-СЫРТТАН ЖАНА СЫРТТАН ОКУТУУ ПЛАНДАРЫ БЕКИДИ — БУЙРУК

  • 14.08.2023
  • 0

Буйрук № 4842/1 от 10.08.2023 г.

Күндүзгү-сырттан (кечки жана нөөмөттүк) жана

сырттан окутуучу формаларындагы Кыргыз Республикасынын

жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2023-2024-окуу жылы үчүн

окуу пландарын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин          2022-жылдын 1-августундагы № 4807/1 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2023-2024-окуу жылынын базистик окуу пландарынын негизинде буйрук кылам:

  1. Күндүзгү-сырттан (кечки жана нөөмөттүк) жана сырттан окутуучу формаларындагы Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2023-2024-окуу жылынын окуу пландары тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Бишкек жана Ош шаардык билим берүү башкармалыктарына, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө:

— түрлөрүнө жана таандык формаларына карабастан бардык күндүзгү-сырттан (кечки жана нөөмөттүк) жана сырттан окутуучу формаларындагы жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин назарына ушул буйрук жеткирилсин;

— жогоруда аталган окуу пландарын ишке ашырылышын контролго алынсын.

  1. Бул буйрукту «Кут Билим» коомдук-педагогикалык газетасынын редакциясы (К. Чекиров) расмий жарыяласын.
  2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы К.К. Акматовго тапшырылсын.

 

Министрдин орун басары                                                                                    Т.А. Ашымбаева

 

 

 

Макулдашылды:

Бюджеттик саясат жана

финансылык анализ

башкармалыгынын башчысы                                   А.К. Баймуратова

 

Укуктук камсыз кылуу

бөлүмүнүн башчысы                                                   Б.А. Ибрагимов

 

Буйрукту сунуштады:

 

Мектептеги жана мектептен

тышкаркы билим берүү

башкармалыгынын башчысы                                   К.К. Акматов

 

Күндүзгү-сырттан (кечки жана нөөмөттүк) окутуучу формасындагы жалпы билим берүү мектептер үчүн 2023-2024-окуу жылынын окуу планы (кыргыз тилинде окутуучу)  менен төмөнкү тиркеме аркылуу тааныша аласыз:

Окуу планы

Күндүзгү-сырттан (кечки жана нөөмөттүк) жана сырттан окутуучу формасындагы Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2023-2024-окуу жылынын окуу пландарына

түшүндүрмө кат

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылынын          22-июлундагы № 393 «Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндөгү» токтомун аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 1-августундагы № 4807/1 буйругу менен бекитилген жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2023-2024-окуу жылынын базистик окуу пландарынын негизинде күндүзгү-сырттан (кечки жана нөөмөттүк) жана сырттан окутуучу формасындагы жалпы билим берүү уюмдары үчүн        2023-2024-окуу жылына окуу пландарын иштелип чыккан.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын № 541 токтому менен бекитилген жалпы билим берүү уюму жөнүндө Типтүү жобого ылайык күндүзгү-сырттан (кечки жана нөөмөттүк) жана сырттан окутуучу формасындагы жалпы билим берүү уюмдарында негизги жалпы билими жок эрезеге жете элек окуучуларды окутуу төмөнкү документтери: туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, мурдагы жалпы билим берүү уюмунан берилген билиминин так көлөмү жөнүндөгү маалым кат, жашаган жеринен маалым кат, балдардын иштери боюнча Комиссиясы тарабынан чыгарылган кечки/сырттан окуу формасы боюнча окуусун улантуу жөнүндөгү чечими болгон учурда 6-класстан башталат.

Күндүзгү-сырттан (кечки жана нөөмөттүк) жана сырттан окутуучу формаларында окуткан жалпы билим берүү уюмдарында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги сунуштаган негизги жалпы жана орто жалпы билим берүү деңгээлин камсыздаган негизги жалпы билим берүү программалары, окуу-усулдук комплекстери колдонулат.

Күндүзгү-сырттан (кечки жана нөөмөттүк) жана сырттан окутуучу формаларында окуткан жалпы билим берүү уюмдарында окуу процесси 5 күндүк иш жумасында жүргүзүлөт.

Сырттан окутуу формасындагы класстар (топтор) жалпы билим берүүчү мектептердин администрациясы тарабынан аныктаган сессия режиминде окутулат.

Окуу жылынын узактыгы сынак мөөнөтүн эске алуу менен 34төн 36 окуу жумасын жана сабактын узактыгы 45 мүнөттү түзөт.

Өзгөчө учурларда академиялык деңгээли төмөн контингенти бар болсо жалпы билим берүү уюмунда башталгыч жалпы билим берүү программалары боюнча кечки жана нөөмөттүк билим берүү формасында окутуунү  уюштуруу мүмкүн.

Күндүзгү-сырттан (кечки жана нөөмөттүк) жана сырттан окутуучу формаларындагы жалпы билим берүү уюмдарында 2023-2024-окуу жылын баштоо жана аяктоо мөөнөттөрү,  ошондой эле мектеп каникулдардын графиги жөнүндө маалымат кошумча берилет.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин       2021–жылдын 9-сентябрындагы № 1520/1 буйругу менен бекитилген тизмеге кирген мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин карамагындагы күндүзгү-сырттан (кечки жана нөөмөттүк) жана сырттан окутуучу формаларындагы мектептер республикалык бюджеттен каржыланат.

Күндүзгү-сырттан (кечки жана нөөмөттүк) жана сырттан окутуучу формаларындагы жалпы билим берүү уюмдарынын 2023-2024-окуу жылына карата ушул 2023-2024-окуу жылы үчүн даярдалган окуу пландары Министрлик менен 2023-жылдын 25-августуна чейин макулдашылат.

Бөлүшүү

Комментарийлер