К.И.СКРЯБИН АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТУК АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН ТОКМОКТОГУ КОЛЛЕДЖИ
- 17.05.2024
- 0
2024-2025-окуу жылына студенттерди кабыл алууну жарыялайт.
9-кл. жана 11-кл. базасында күндүзгү бөлүмгө бюджеттик жана контракттык кабыл алуу:
— Унаанын электр жабдыктарынын эксплуатациясы жана автоматикасы (унаа түрлөрү боюнча суудан башкасы);
— Автомобилдик унааларды техникалык жактан тейлөө жана оңдоо;
— Электрдик жана электромеханикалык жабдууларды техникалык тейлөө жана эксплуатациялоо;
— Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу;
— Электр менен жабдуу (тармактар боюнча);
— Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө;
— Финансы (тармактар боюнча);
— Башталгыч класстарга сабак берүү;
— Мектепке чейинки билим берүү.
Окуу мөөнөтү: 9-кл. базасында – 2 жыл 10 ай.
11-кл. базасында – 1 жыл 10 ай
Сырттан окуу бөлүмүнө орто жана атайын орто билими барлар контракттын негизинде кабыл алынат:
«Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу».
Окуу мөөнөтүү: 2 жыл 4 ай.
Документтерди кабыл алуу 2024-жылдын 15-июндан 25-августка чейин.
Керектүү документтер:
- Абитуриенттин арызы
- Орто билими тууралуу, толук эмес билими тууралуу күбөлүгү жана атайын орто билими тууралуу диплому;
- 3х4 формасындагы 6 фотосүрөт;
- Паспорт (көчүрмөсү) (эгерде паспорт ала элек болсо туулгандыгы тууралуу күбөлүгү), аскердик билет жана аскердик жазылган күбөлүк.
Дареги: Токмок шаары, Гагарин көчөсү, 71.
Кабыл алуу комиссиясы
- Телефон: (03138) 3-53-29, (0705) 16-08-24
- Е-mail: [email protected]
- Сайт: www.tak.on.kg
- tokmok_сollege
- ТК КНАУ им.К.И.Скрябина
- tokmok_college
Комментарийлер