КӨЭУ улуттук «МАНАС» театры менен кызматташат

  • 20.09.2024
  • 0

Бүгүн, 20-сентябрда Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директору Нурбек Талантбеков менен акын Эсенбек Кийизбаев Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинек келип, окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышты.

КӨЭУ улуттук "МАНАС" театры менен кызматташат

Өнөр адамдарын окуу жайдын  ректору, профессор АбдилбаетМамасыдыков кабыл алып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Ректор «Манас» театры менен ар тараптуу кызматташууга, биргелешкен адабий, маданий иш-чараларды өткөрүүгө окуу жай дайыма даяр экенин баса белгиледи.

КӨЭУ улуттук "МАНАС" театры менен кызматташат

Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директору театрдын бүгүнкү күндөгү жасап жаткан иштерине кенен токтолуп, окуу жайдын таланттары менен биргелешкен иш-чараларды уюштурууга кызыктар экенин билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде эки тарап кызматташуу келишимине кол коюшту.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер