КӨЭУ: КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТТАШТЫГЫН КЕҢЕЙТҮҮДӨ

  • 22.07.2024
  • 0

16-17-июлда Самарканд шаарында өткөн Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун экинчи форумунда эң көп эл аралык келишимдерди Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети түздү.

КӨЭУ: КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТТАШТЫГЫН КЕҢЕЙТҮҮДӨ

Ректорлордун экинчи форумунаа окуу жайдын ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков баштаган делегация катышты. Анда билим берүү тармагында кызматташуу, санарип доордун заманында биргеликте иш алып баруу боюнча бир канча баяндамалар жасалды.

Аталган форумдун алкагында эң көп эл аралык келишимди Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети түздү. Тактап айтканда, Самарканд мамлекеттик чет тилдер институту, Джизак мамлекеттик педагогикалык институту, Ташкент мамлекеттик  техникалык  университети, Ташкент мамлекеттик  маалымат  технологиялар  университети, Андижан  мамлекеттик  университети, Андижан  мамлекеттик  педагогикалык институттары менен эки тараптуу кызматташтык келишимине кол коюлду.

КӨЭУ: КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТТАШТЫГЫН КЕҢЕЙТҮҮДӨ

Келишимге ылайык, жогорку окуу жайлар биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашырууну,  академиялык мобилдүүлүктү уюштурууну колго алып, билим берүү, илим изилдөө багыттарында эки тараптуу иштер аткарылат.

Белгилей кетсек, эки өлкөнүн ректорлорунун биринчи форуму 2023-жылы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде өтүп, ага жалпысынан 100гө жакын ректорлор катышкан.

Бөлүшүү

Комментарийлер