КӨЭАУнун студенти кесиптик чемпионатта 2-орунда
- 02.12.2024
- 0
26-30-ноябрда Санкт-Петербург шаарында Россиянын Билим берүү министрлиги, Бүткүл россиялык чемпионат кыймылы тарабынан кесиптик чеберчиликти көрсөтүүгө багытталган «Профессионалдар -2024» чемпионаты болуп өттү.
Сынак жаш адистердин арасында 55 компетенция боюнча өткөрүлүп, катышуучулар курулуш, тейлөө тармагы, маалыматтык технологиялар, билим берүү боюнча кесиптик чеберчиликтерин көрсөтүштү.
Аталган сынакка университеттин кесиптик колледжинин 2-курсунун студенти Мафтунабону Казиева «эмгекти жана технологияны окутуу» компетенциясы боюнча катышып, 2-орунга ээ болду.
Мафтунабону технологияны окутуу, электрондук билим берүү ресурстарын колдонуу, студенттер үчүн долбоордук иштерди уюштуруу, үй-бүлө шарттары, кесиптик багыт берүү иш чараларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, окутуу технологиясын методикалык камсыздоо боюнча берилген тапшырмаларды так аткарып, калыстардын жогорку баасына татыды.
Аны жетектеп барган кесиптик колледждин окутуучусу Гүлсана Анарбаева эксперт катары катышып, кийинки чемпионатка жолдомо алды.
Комментарийлер