КӨЭАУга 29 жыл: мурдагы ректорлор сыйланды
- 01.04.2026
- 0
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети үчүн тарыхый жана өзгөчө күн. Анткени, так ушул күнү, 1997-жылы 31-мартта, Президенттин Указы менен Кыргыз-Өзбек жогорку технологиялык колледжине “университет” статусу ыйгарылып, чоң жолдун, чоң ийгиликтердин башаты ачылган.

Университеттин мына ошол мааракелик күнүнө карата окуу жайдын өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошкон мурдагы ректорлор Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Техника илимдеринин доктору, академик М.Мамасаидов университетти 1994–2005-жылдары үзүрлүү жетектеген. 1994-жылы Кыргыз-Өзбек жогорку технологиялык колледжин түптөп, 1997-жылы окуу жайдын «университет» статусун алышына зор салым кошкон. Окуу жайдын түптөлүшүнө өчпөс из калтырган өзгөчө эмгектери үчүн Мухаммаджан Ташалиевич КӨЭАУнун Ардак грамотасы менен сыйланды.

Университетти 2011–2013-жылдары жетектеген техника илимдеринин доктору, профессор Идирисбек Гуламович Кенжаев да жамаатты биримдикке үндөп, университетти туруктуу өнүгүүгө жетелеген үзүрлүү эмгеги үчүн КӨЭАУнун Ардак грамотасы менен сыйланды.
Ошондой эле 2013–2023-жылдары университетти жетектеген экономика илимдеринин доктору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич да окуу жайдын «Достук” ордени менен сыйланышына, университеттин «эл аралык» статус алышына жана материалдык-техникалык базасынын жаңы деңгээлге чыгуусуна кошкон ак ниет эмгеги үчүн КӨЭАУнун Ардак грамотасы менен сыйланды.
КӨЭАУнун ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков сыйлыктарды тапшыруу учурунда ар бир сыйлык ээсинин университет тарыхындагы ордун баса белгиледи. «Университеттин бүгүнкү деңгээлге жетүүсүнө ар бириңиздер зор салым коштуңуздар. Мындан ары да университеттин өнүгүшүнө колдоо көрсөтө бересиздер деген ишеничтемин», — деди ректор Абдилбает Асанович.
Бөлүшүү








Комментарийлер