КҮЧТҮҮЛӨР КҮЛДҮ МЕКТЕБИНДЕ КӨП!

  • 30.01.2026
  • 0

Кадамжай районунда окуучулардын билим сапатын жогорулатуу максатында райондук билим берүү бөлүмү менен жалпы билим берүүчү мектептердин биргелешкен иш-аракеттери үзүрлүү натыйжаларды берип келет. Бул жаатта №40 Күлдү жалпы билим берүү мектебинин жетишкендиктери өзгөчө белгилөөгө арзыйт.

Мектеп жамааты ата-энелер жана жергиликтүү коомчулук менен тыгыз кызматташып, билим берүүнү инсандык, коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктарды эске алуу менен жүргүзүп келет. Мунун айкын далили окуучулардын билим, маданият жана спорт тармагындагы ийгиликтери.

КҮЧТҮҮЛӨР КҮЛДҮ МЕКТЕБИНДЕ КӨП!

Билим жана интеллектуалдык жетишкендиктер

«Манас таануу» интеллектуалдык таймашында мектептин «Ак бата» командасы аймактык турда 1-орунду ээлеп, райондук турга активдүү катышты.
Кыргыз тили жана адабияты мугалими Супанова Гүлзаттын жетекчилиги алдында 9-б класстын окуучусу Миркамилова Даткайым аймактык турда 1-орунду багындырып, райондук турда да ийгиликтүү катышты.

Кадамжай райондук жаштар коомунун демилгеси менен уюштурулган «Кыргызстандын мыкты окуучусу» сынагында 11-класстын окуучусу Газыбаев Абдилазиз 1-орунду ээледи.

2024–2025-окуу жылында ЖРТнын жыйынтыгы боюнча 11-класстын окуучусу Ташполотова Мээрим 157 упай топтоп, айылдык кеңештин депутаттары тарабынан акчалай сыйлык менен сыйланды.

Олимпиадалар жана долбоорлор

Жарым жыл ичинде окуучулардын олимпиадаларга катышуусу активдүү болуп, билим деңгээли жогору экени тастыкталды. Информатика сабагы боюнча 9-б класстын окуучусу Момошов Исламидин аймактык олимпиададан ийгиликтүү өтүп, райондук турга жолдомо алды (мугалими — Махмудова Айгүл).

«Окуйбуз, изилдейбиз, жасайбыз» темасындагы таймашта 5-а класстын окуучулары «Котур булакты» изилдеп, мектептик жана райондук турларда 1-орунду камсыз кылышты (жетекчиси — Калыкова Акылай).

КҮЧТҮҮЛӨР КҮЛДҮ МЕКТЕБИНДЕ КӨП!

Республикалык деңгээлде өткөн «Окуйбуз, жаратабыз, изилдейбиз» изилдөө долбоорунда 5-а класстын окуучулары «Котур булак — дарылык касиети бар жаратылыш керемети» темасы менен Кадамжай району боюнча 1-орунду ээлешти.

Маданият жана китеп окуу

«Китеп KG» дүкөнү уюштурган «Жомоксуз өткөн балалык» аттуу китеп боюнча мелдеште 10 окуучудан турган «Китепкөй» командасы 1-орунду ээлеп, I даражадагы диплом жана 3000 сом акчалай сыйлыкка татыды.

КҮЧТҮҮЛӨР КҮЛДҮ МЕКТЕБИНДЕ КӨП!

 

СЕКОМ окуу борбору уюштурган китеп окуу конкурсунда 10-класстын окуучусу Абдимомунова Асема 4-орунду ээлеп, смартфон утуп алды. 6-а класстын окуучусу Төлөбаева Аниса зымсыз кулакчынга ээ болду.

Мугалимдердин жетишкендиги

Кыргыз тили жана адабияты мугалими Касымова Чынара «Калем – Лидерлер академиясы» тарабынан уюштурулган «Лидер мугалим» окуу курсуна катышып, Бишкекте өткөн форумдун жыйынтыгында Ташкент шаарына жолдомо алды.

Орус тили мугалимдеринин «Год мира и доверия» темасындагы райондук семинары өтүп, ага Сыктывкар университетинин мугалими Валентина Александровна катышып, окуучулардын эсселерин баалап, сыйлыктарын тапшырды.

Спорт — күчтүүлөрдүн аренасы

Күлдү орто мектебинде 2019-жылдан бери кол күрөш (армрестлинг) ийрими иштеп келет. Машыктыруучу — дене тарбия мугалими Нурлан Акматов. Бул жылдар аралыгында мектептин окуучулары республикалык, Азия жана дүйнөлүк чемпионаттарда байгелүү орундарды багындырып келишүүдө.

КҮЧТҮҮЛӨР КҮЛДҮ МЕКТЕБИНДЕ КӨП!

2024–2025-окуу жылында Кудайбердиева Айгерим жана Авазбекова Айгерим республикалык чемпионатта 1-орунду ээлеп, Индияда өтүүчү Азия чемпионатына жана Болгариядагы дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алышты. Кудайбердиева Айгерим кол күрөш боюнча Кыргызстандын 4 жолку чемпиону аталды.

Тарбия жана коомдук иштер

Мектепте директор Анара Кожонованын жетекчилиги менен «Чебер колдор» ийрими иштеп, окуучулар таар, килем согууну үйрөнүшөт.
«Светофор» жаш инспекторлор командасы райондук турда 3-орунду ээлеп, мыкты даярдыгын көрсөттү.
Ч.Айтматовдун 100 жылдыгына карата 9–11-класстардын арасында тегерек стол өткөрүлдү.

КҮЧТҮҮЛӨР КҮЛДҮ МЕКТЕБИНДЕ КӨП!
№40 Күлдү жалпы билим берүү мектебинин жетишкендиктери мугалимдердин талыкпаган эмгегинин, окуучулардын тынымсыз изденүүсүнүн жана ата-энелер менен коомчулуктун бекем кызматташтыгынын жыйынтыгы деп айта алабыз.

Анара Кожонова,
№40 Күлдү жалпы билим берүү мектебинин директору

Бөлүшүү

Комментарийлер