“КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ БАЛДАР ААЛАМЫНДА”

  • 22.06.2024
  • 0

2024-жылдын 24-30-июнунда Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору Чолпон-Ата шаарындагы “Манас аэропорту” пансионатында “КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ БАЛДАР ААЛАМЫНДА” аталыштагы XVI республикалык фестивалын өткөрөт. Бул уникалдуу маданий иш-чарага республиканын ар бир облусунан жана коңшу Казакстандан улуттук оюндарды мыкты билген чебер окуучулар, ийримдин тарбиялануучулары катышат.

“КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ БАЛДАР ААЛАМЫНДА”

Фестивалдын максаты  —  маданий мурастарды сактоо жана жайылтууну,  балдардын жана жаштардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүнү жана маданияттар аралык диалогду жана өз ара түшүнүшүүнү калыптандырууну көздөйт. Эң башкысы көчмөн маданияттын салттарын жандандыруу максатында өткөрүлмөкчү.

Иш-чарада катышуучулар улуттук оюндун түрлөрү боюнча күчтөрүн сынашат. Алсак,  аркан тартыш; чүкө оюндары; чака чапмай; кол күрөш жана жаа атуу боюнча сынак өтөт. Ошондой эле  ит тартыш; бука тартыш; чатраш; беш таш; шамдагай алакан жана чий куурчак жасоо боюнча кызыктуу оюндар көрсөтүлөт.

2024-жылдын 25-июнунда саат 17.00дө Чолпон-Ата шаарынын борбордук паркында фестивалдын ачылыш салтанаты өтөт.

Ачылыш делегациялардын жөө жүрүшү менен башталып,  концерттик программа менен уланат.

Фестивалдын программасында концерт, кыргыздын каада-салты, улуттук оюндар,  кол өнөрчүлүк жана сүрөт тартуу, көл жээгиндеги “Көнүлдүү старттар” спорт оюндары ж.б. кызыктуу оюн таймаштардын элементтери көрсөтүлөт.

Фестивалдын жабылуу жана сыйлоо аземинде чоң концертик программа тартууланат.

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору уюштурган фестивалга катышуу ар бир катышуучуга унутулгус тажрыйба топтоо жана республиканын маданий көп түрдүүлүгүн түшүнүүдө жана кабыл алууда жаңы горизонтторду ачат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер