ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

  • 23.01.2024
  • 0

Ак-Талаа районундагы мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын  II (райондук) этабы  2024-жылы 18-19-январда Э.Карасартов атындагы орто мектебинин базасында өттү. Райондогу жалпы 18 мектептен 415 окуучу  катышты.

ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

Маалыматка ылайык, олимпиаданын  II райондук этабынан  1-2-орун алган  25 окуучуга облустук этабына катышууга жолдомо берилди. Ал эми мектептер боюнча жыйынтыкта Э.Мейманов атындагы орто мектеби 1- орун, Э.Карасартов атындагы орто мектеби 2- орун, Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектеби 3-орунга ээ болушту.

ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

Ийгилик жараткан окуучуларга диплом жана белектер, окуткан мугалимдерине  Ардак грамоталар тапшырылды.

       Г.А., “КБ”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер