ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ
- 23.01.2024
- 0
Ак-Талаа районундагы мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын II (райондук) этабы 2024-жылы 18-19-январда Э.Карасартов атындагы орто мектебинин базасында өттү. Райондогу жалпы 18 мектептен 415 окуучу катышты.
Маалыматка ылайык, олимпиаданын II райондук этабынан 1-2-орун алган 25 окуучуга облустук этабына катышууга жолдомо берилди. Ал эми мектептер боюнча жыйынтыкта Э.Мейманов атындагы орто мектеби 1- орун, Э.Карасартов атындагы орто мектеби 2- орун, Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектеби 3-орунга ээ болушту.
Ийгилик жараткан окуучуларга диплом жана белектер, окуткан мугалимдерине Ардак грамоталар тапшырылды.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер