ИЙГИЛИК САГА, СУМАЙА!

  • 14.03.2024
  • 0

Кемин райондук олимпиадада кыргыз тили жана адабиятынан биринчи орунду ээлеген К.Шаболотов атындагы Кара-Булак орто мектебинин 10-классынын окуучусу Сумайа Алмамбетова облустук турунда 19 окуучунун арасынан экинчи орунду ээледи.

Сумайа мектептин гана эмес, райондун сыймыгын арттырган окуучу кыздарыбыздын бири. Ал 2022-2023-окуу жылында 9-классты “эң жакшы” деген баалар менен аяктап, кызыл күбөлүккө ээ болгон.

Мектеп директору Г.Абдылдаева жана кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими Токтобек кызы Чынаркүл Сумайанын окуудагы буга чейинки жетишкен ийгиликтерин айтышып, мындай окуучулары менен чексиз сыймыктанышаарын белгилешти.

Республикалык олимпиадада райондун, Чүй облусунун намысын колдон чыгарбай, жеңишке жетишүүңө тилектешпиз, Сумайа!

К.Абдылдаева,
Кемин  району.

Бөлүшүү

Комментарийлер