ИСПАНИЯ ТӨРТҮНЧҮ ИРЕТ ЧЕМПИОН БОЛДУ

  • 16.07.2024
  • 0

ИСПАНИЯ ТӨРТҮНЧҮ ИРЕТ ЧЕМПИОН БОЛДУФутболдон туура бир айга созулуп, бүйүр кызыткан Европа чемпионаты да аяктады.   Мен ойлогондой Испания курама командасы чемпион болду!   Финалдык оюн абдан кызыктуу өттү.   Өзгөчө экинчи тайм курч таймашуу менен өзгөчөлөндү.   Дарбазага кирген үч топтун үчөө тең кызыктуу болду.   Берлиндин олимпиадалык  стадиону күйөрмандарды толкундатып жатты.   Кээ бир футбол жылдыздары көзгө урунуп адистердин көңүлүн бурду.   Бардык мамлекеттик жумуштарын таштап, Германияга келип, өз өлкөсүнүн футболчуларын сүрөөнгө алган  Испаниянын принци Хуан Карлос-2 балалык кубаныч менен асманга секирип, кубанып турду го…

ИСПАНИЯ ТӨРТҮНЧҮ ИРЕТ ЧЕМПИОН БОЛДУМен мурда  айтканымдай, «Англия — Европа чемпионатында эң күчтүү команда, бирок алар чемпион боло албайт, Испания — башкы талапкер, учурда алардын жылдызы жанып турат!».  — бул сөздөрүм төп келип, Испания чемпиондук наамга төртүнчү ирет жетти.

Мен  Нико Уильямсты чемпиондук команданын эң мыкты оюнчусу деп эсептейм, 17 жаштагы таланттуу футболчу Ямаль ага шерик болду! Беттешүүнүн соңуна жакын Микель Оярсабалдын таамай тепкен тобу Испаниянын жеңишин камсыз кылып койду. Англиянын мыкты деген Сакасы өтө эле сак ойноп туруп алды.  Кызыгы, алардын бир да өлкөнүн атын берген улутка таандык эмес, башка улуттун өкүлдөрү экени!   Жогорку мактоого арзыган Кейн да, Беллингем да Англия курама командасынын жаркыраган жылдызы болуп, ийгилик жарата алышкан жок.   Аларды «АЛТЫН ТОП» байгесине кошуу футболго болгон адилетсиздик болуп калат.   Месси менен Роналду кайда? Алардын деңгээлине теңелүү кайда?!!

Бул жерде континенталдык жана дүйнөлүк мелдештерде ар бир өлкөнүн футбол боюнча курама командалары өздөрүнүн улуттук же өлкөнүн символикасын жоготуп, кимди болбосун өз өлкөсүнүн жараны катары кабыл алып, өз командасына кошуп жатканын айтпай эле коёлу, бул олутуу көйгөй болуп баратат!   Бүгүнкү күндө, айрыкча дүйнөдө, Европа чемпионаттарын  улуттук  тандалма командалар эмес, колунда тыйыны бар клубдук командалар сатып алышып, алардын байлыгын, мартабасын даңазалап ойноп жатканы жалган эмес!

ИСПАНИЯ ТӨРТҮНЧҮ ИРЕТ ЧЕМПИОН БОЛДУ    Бир чемпионатта жеңишке жетүү үчүн өлкөсүнүн атын, мамлекетинин символун оңой эле саткан бул адат биздин мекенге келишин каалабайт элем! Айрым адистер “бул дүйнөлүк практика, трансфер, жалданма оюнчулар, дүйнө жүзүндө ушундай көрүнүш, мунун эч кандай зыяны жок”  деп, мага каршы ой-пикирин айтаарын сезип эле турам. Мындай көрүнүш жергиликтүү калктын өкүлдөрүнүн футболго болгон сүйүүсүн ойготуп, өөрчүтмөк тургай, айрым таланттуу жаштардын кендирин кесип, жылдызын өчүрүп коерун дагы эске алуу зарыл.

Чынында Европанын айрым өлкөлөрүндө  футбол өтө эле артка чегинүүдө.  Жада калса аянттын ортосунан топту дарбазачыга кайра тээп берүү да кадимки адатка айланып баратат.   Бул чемпионатта ал адат 1000 жолу кайталанды!   Бул футбол машыктыруучусу дайындаган коргонуу позицияларын сындыра албай калууга мүмкүн эместиги менен байланыштуу.   Дарбазачыны оюнга кошкондой бул футзалдагыдай кичинекей футбол эмес.   Мунун баары талаада машыктыруучунун айтканын гана аткаргандар көп экенинин далили. ИСПАНИЯ ТӨРТҮНЧҮ ИРЕТ ЧЕМПИОН БОЛДУ Ал эми Марадона, Роналдиньо, Месси жана башкалар футболду сыйкыр кылгандай футболчулар жок сыяктуу. Мактаган кыз тойдо уят кылат дегендей Франция, Германия, Голландия командаларында бул жолу жылдызы жанган оюнчулар деле байкалбады. Өз жеринде күйөрмандарынын үмүтүн актай албаган Германия курама командасы үчүн чоң сабак болду.  Европада Уильямс, Ямаль, Палмер, ошондой эле Барколя, Симонс, Гюлер, Вирц, Мусиала, Мамардашвили сыяктуу жаңы талантуу жаштардын өсүп келатканын көрдүк.   ИСПАНИЯ ТӨРТҮНЧҮ ИРЕТ ЧЕМПИОН БОЛДУ

Уйкусуз түндөрдү кечирген  Евро-2024 аяктады.   Чемпион белгилүү.   Ал мен мурда баамдап, айткандай чемпион — Испания курама командасы!!!  Жеңүүчүлөрдү Испаниянын королу Филипп VI жана принцесса Леонор куттуктады.

Эми дагы уйкусуз түндөр алдыда турат. Ал саналуу күндөрдөн кийин баштала турган Париж олимпиадасы! Кыргызстандын намысын коргой турган 16 спортчубузду, үмүт жандырган балбандарыбызды сүрөөнгө алып, колдоп туралы!

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер