ИСЛАМ ШЕРИКТЕШТИГИ ОЮНДАРЫ: МЭЭРИМ, АЙПЕРИ, АБДУМАЛИК ЖАНА АКЖОЛДУН АЛТЫНЫ
- 21.11.2025
- 0
7–ноябрдан бери Сауд Арабия өлкөсүнүн борбору Эр-Рияд шаарында VI Ислам шериктештиги оюндары курч мүнөздө атаандаштык менен өтүп жатат. Ислам кызматташтык уюмуна караштуу Ислам оюндары федерациясына (ISSA) мүчө болгон 57 өлкөдөн келген 3500 атлет спорттун 24 түрү боюнча мөрөй талашууда.
20-ноябрдын түнү Эр-Риядда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы өлкө намысын татыктуу коргоп, алтын медаль тагынып, мурдакы чемпиондук наамдарын коргоп калышты.
Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 кг салмакта күч сынашкан дүйнө жана Азия чемпиону, олимпиада оюндарынын күмүш жана коло байге ээси Мээрим Жуманазарова финалда өзбекстандык Светлана Окназарованы 11:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда артыкчылык менен жеңип алды. Финалга чейин Жуманазарова тайпалык беттештерде Бангладештин балбаны Халима Актерду жана Азербайжандын балбаны Нигар Мирзазаданы дагы артыкчылык менен утуп, жогорку чеберчилигин көрсөтүп, табында экенин далилдеди.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 76 кг салмакта мөрөй талашкан жаштар арасында дүйнө чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү, Азия чемпиону Айпери Медет кызы финалдык беттешүүдө нигериялык Дамола Оджону дагы 11:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, алтын медаль тагынды. Айпери чейрек финалда 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн олимпиада оюндарынын коло байге ээси, Азия чемпиону, казакстандык Элмира Сыздыкованы дагы 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда артыкчылык менен утуп алган. Ал эми жарым финалда түркиялык Элмира Ясиндин далысын килемге даана тийгизүү менен жеңип, баш байгеге талапкер болгон.
Ошентип Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы ушуну менен Ислам шериктештиги оюндарында экинчи жолу жеңишке жетишти. Кыргыз элинин сыймыгы болгон экөө тең 2022-жылы Түркиянын Конья шаарында өткөн мелдеште да алтын медаль утуп, чемпион болушкан.

Ушул 20-ноябрдын түнү кыргызстандык дагы бир эркин күрөш балбаны Абдумалик Карачов да алтын медаль утуп, күрөш күйөрмандарын сүйүндүрдү. Ал 57 кг чейинки салмакта финалда азербайжандык балбан Ислам Базаргановду жеңди. Жаштар арасында Азия чемпиону, жаштар арасында дүйнө чемпионатынын кумүш байге ээси Абдумалик чейрек финалда Париж олимпиадасынын коло байге ээси, быйыл дүйнө чемпиону болгон өзбекстандык Гуломжон Абдуллаевди 10:2 эсебинде утуп, спорт адистеринин көңүлүн бурду. Жарым финалда Абдумалик Гвинея өлкөсүнүн балбаны Мохамед Исмаэл Камаранын далысын килемге таза тийгизип, мөөнөтүнөн мурда артыкчылык менен утуп, чеберчилигин көрсөтүп, келечегинен үмүткөр кылды.

Эркин күрөштөн күч сынашкан Билол Шарип уулу болсо бахрейндик спортчуну жетип, коло медаль тагынды.
Кыз-келиндер күрөшүнөн 53 кг салмакта Арууке Кадырбек кызы дагы коло байгелүү болуп, келечегинен үмүткөр кылды.

Ошентип, Ислам шериктештиги оюндарында Кыргызстандын балбандары учурда жалпысынан төрт алтын жана үч коло байгелүү болушту.
Эскерте кетсек, 18-ноябрда грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, олимпиада оюндарынын күмүш жана коло байге ээси Акжол Махмудов 77 кг салмакта алтын медаль, Раззак Бейшекеев жана Асан Жанышов коло байге утуп алышкан.
Сауд Арабия өлкөсүнүн борбору Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан VI Ислам шериктештиги оюндары бүгүн 21-ноябрда жыйынтыкталат.
Кабыл Макешов,
спорттук баяндамачы
Комментарийлер