ИСКЕНДЕР ИСАМИДИНОВДУ ТААНУУ ЖУМАЛЫГЫ БАШТАЛДЫ
- 15.10.2025
- 0
2025-жылдын 14-октябрында И.Ч.Исамидинов атындагы ПИнун орто кесиптик билим берүү бөлүмүндө окуу жайды негиздеген педагогика илимдеринин доктору, профессор И.Исамидиновду таануу жумалыгы башталды.

14-октябрда окутуучулар сабактарынын алдыңкы 5 минутасында Искендер Исамидинов тууралуу айтып берип жана 1-курстун студенттери үчүн агай жөнүндө “Тамыр” фильми көрсөтүлдү. Жалпы студенттерге “Жол”, “Элге өтөлгөн эмгек”, “Сен менин бүтпөй калган дастанымсың” жана “Тамыр” фильмдеринин ссылкалары сабактан сырткаркы убакытта көрүү үчүн таратылып берилди. Ал эми 15-октябрда ыраматылык профессордун урматына окутуучулар тарабынан каржыланып даярдалган “Психология” кабинети ачылды. Ошондой эле 16-октябрь күнү кураторлук сааттар өтүлүп, агай жөнүндө тартылган “Жол”, “Элге өтөлгөн эмгек”, “Сен менин бүтпөй калган дастанымсың” жана “Тамыр” фильмдери боюнча кайтарым байланыш өткөрүлмөкчү.


— Бүгүн Исамидинов Искендер Чоңмуруновичти биринчи курстун студенттер менен тааныштыруу биз үчүн сыймык болду. Себеби агай мыкты Насаатчы, мыкты Устат, ар бир окутуучунун жагдайын ойлоп, шарт түзүп берген мыкты кесиптеш эле. Агайыбыздын басып өткөн жолу менен келечек кесип ээлерин тааныштыруу сабагы жогорку деңгээлде өттү, — дейт колледждин окутуучусу Э.Нааматова.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер