ИШКЕРДИК ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУК БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ЧЕМПИОНАТТАГЫ ИЙГИЛИК
- 21.08.2025
- 0
2025-жылдын 11-13-августунда Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын «Алабуга» өзгөчө экономикалык аймагында 9-11-класстардын окуучуларынын арасында ишкердик жана финансылык сабаттуулук боюнча Шериктеш мамлекеттердин эл аралык онлайн-чемпионатынын финалы болуп өттү.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын делегациясын жетектеген Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Мелисбек Музулманов маалымдады.
Финалдык билим таймашына төрт өлкөнүн: Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россиянын командалары катышты. Командалык эсептин жыйынтыгы боюнча биринчи орунду Өзбекстандын командасы камсыз кылышты. Кыргызстандын курамасы экинчи орунга татыктуу болду. Үчүнчү орунду Тажикстандын командасы ээледи.
Кыргызстандын мектеп окуучуларынын командасы жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана практикалык көндүмдөрүн тастыктап, «Финансылык сабаттуулук» багыты боюнча жеңүүчүнүн дипломуна арзыды.
Кабыл Макешов, “Кут Билим”
Комментарийлер