ИШКЕР ӨЗ КАРАЖАТЫНА САЛГАН МЕКТЕП МАМЛЕКЕТ БАЛАНСЫНА АЛЫНБАЙ ТУРАТ

  • 26.03.2026
  • 0

ИШКЕР ӨЗ КАРАЖАТЫНА САЛГАН МЕКТЕП МАМЛЕКЕТ БАЛАНСЫНА АЛЫНБАЙ ТУРАТОш облусунун Өзгөн районунун Кароол айылынын тургуну Раимберди Махапов өз каражатына мектеп куруп, аны мамлекетке өткөрүп берүүгө аракет кылып жатканына бир нече жыл болсо да, маселе бүгүнкү күнгө чейин чечилбей аткандыгын айткан видеосу соцтармактарга кеңири тароодо.

Ал дыйканчылык, жеке ишкерлик менен алектенип, өмүрүндө мамлекеттик кызматта иштебегенин айтат. Ошого карабастан, көп жылдык эмгеги менен топтогон каражатына заманбап мектеп салып, айылдагы балдардын билим алуусуна шарт түзүп берген.

Раимберди Махапов мектеп куруу демилгеси мындан бир нече жыл мурда башталганын белгилейт. Ал ар кандай жетекчилерге кайрылып, жеңилдетилген кредит сурап, мектепти 5–6 миллион сомго куруп берүүгө даяр экенин билдирген. Бирок колдоо таппай жүрүп, ошо кездеги депутат Улукбек Ормоновдун колдоосу менен курулуш иштерин өз күчү менен баштаган. 2021-жылдын сентябрь айында курулуш иштери башталып, кыска убакыттын ичинде толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген. Мектептин ачылыш аземине бир катар расмий адамдар да келип катышып, анын жеке адам тарабынан курулганына карабастан абдан сапаттуу бүткөрүлгөнүнө толук күбө болушкан.

Анын айтымында, курулуштун баштапкы сметасы 18 миллион 600 миң сом деп эсептелген. Бирок чыгымдарды үнөмдөө менен мектепти 7 миллион 400 миң сомго бүтүргөн. Натыйжада бир чарчы метрдин баасы 297 доллардын тегерегинде чыккан. Ал эми бүгүнкү күндө мектеп курулушунун баасы орто эсеп менен 700–850 долларга чейин жетип жатканын белгилеп, бул тармакта олуттуу көйгөйлөр бар экенин айтат.

“Курулуш тармагында көзөмөл жок. Бир эле объект эки эсе кымбатка бааланып жатат. Бул мамлекеттик каражаттын натыйжасыз пайдаланылышына алып келет”, — дейт ал.

Мектеп бардык талаптарга жооп бере тургандай болуп салынган. Имарат сапаттуу материалдар менен курулуп, толук жабдылган. Эмеректер да негизинен демөөрчүнүн өз каражатына алынган. Мугалимдер да колдон келген жардамын берип, мектептин ишке киришине салым кошушкан.

Бүгүнкү күндө бул мектепте жүздөгөн окуучу билим алып жатат. Бирок имарат расмий түрдө мамлекеттин балансына өтө элек. Натыйжада көмүр, тейлөө жана башка чарбалык чыгымдар толук чечилбей, жүк мектеп жамааты менен демөөрчүнүн мойнунда калууда.

Раимберди Махаповдун айтымында, негизги тоскоолдук документ иштеринде жаралууда. Айрым мекемелер мектепти кабыл алуу үчүн курулуш компания аркылуу жүргүзүлгөн деген документ талап кылышууда. Бул үчүн кошумча 200 миң сомго жакын каражат керектелери айтылган.

“Мен мектепти өз колум менен, өз каражатыма салдым. Эми кайра фирма аркылуу салынды деп көрсөтүү үчүн акча төлөшүм керекпи?” — деп суроо салат ал.

Ал беш жылдан бери тиешелүү органдарга кайрылып, мектепти мамлекеттин карамагына өткөрүп берүү маселесин көтөрүп келет. Бирок азырынча жыйынтык жок.

Бул маселе социалдык тармактарда да кеңири талкууга алынып, коомчулуктун көңүлүн бурууда. Колдонуучулар жеке демилге менен курулган мектептин тагдырына кайдыгер карабоого чакырып, тиешелүү мамлекеттик органдардан маселени тез арада чечүүнү талап кылышууда.

Ишкер бул маселеге мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп, тиешелүү чечим кабыл алынышын күтөт. Анын негизги максаты — мектепти мамлекетке өткөрүп берип, балдардын туруктуу шартта билим алуусуна жетишүү.

“Менин тилегим — мектеп мамлекеттин карамагына өтсө. Балдар жакшы шартта окуса болду”, — дейт Раимберди Махапов.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер