“ИШЕНАЛЫ АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ АТАЙЫН СЫЙЛЫГЫН” ЫЙГАРУУ БОЮНЧА КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ
- 25.08.2025
- 0
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети окуу жайдын негизделгендигинин 80 жылдыгына карата “Ишеналы Арабаев атындагы атайын сыйлыгын” ыйгаруу боюнча конкурс жарыялайт.
“Ишеналы Арабаев атындагы атайын сыйлык” алгачкы агартуучу, коомдук-саясий ишмер Ишеналы Арабаевдин ишмердигин жайылтуу жана өлкөнүн билим берүү, илим, маданият тармагынын өнүгүшүнө зор салым кошкон илимий, илимий-методикалык, окуу-методикалык эмгектери коомчулук тарабынан жогорку баага татыган авторлорду даңазалоо максатында уюштурулган.
Сыйлыкка эки орун берилет:
- И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде эмгектенгендерге;
- Өлкөнүн билим берүү, илим жана маданиятынын өнүгүшүнө зор салым кошкон инсандарга (сырттан).
Сынактын жеңүүчүлөрүнө «И. Арабаев атындагы атайын сыйлыктын” лауреаты диплому, төш белги жана 100 000 (жүз миң) сом акчалай сыйлык тапшырылат.
Сыйлык университеттин сыйлыгы болуп эсептелет жана аны каржылоону университет өзүнө алат.
Сыйлыкка талапкерлерге төмөндөгүдөй талаптар коюлат: Автордук топ тарабынан жазылган илимий эмгектер үчүн берилүүчү сый акы авторлор арасында тең бөлүнөт. Автордук топ үч кишиден ашпоого тийиш.
Сыйлыкка көрсөтүлгөндөрдүн маалыматтары И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Ишеналы Арабаев атындагы атайын сыйлыгы» боюнча комиссиясына жиберилет. Анда төмөндөгүдөй маалыматтар болууга тийиш: талапкер тууралуу маалымат; сунуш кылынган эмгектин деңгээлин аныктаган аннотация; ага карата массалык-маалымат каражаттарында жарыяланган пикирлер; сунуштаган мекеменин жолдомо каты.

Сыйлыкка талапкерлердин конкурстук иш кагаздары конкурс жарыялангандан баштап 1 ай ичинде [email protected] электрондук дареги, Адам ресурстары башкармалыгы (тел: 66-39-39) Бишкек ш. Раззаков көчөсү 51, №2 окуу имараты, 2-кабат, дареги боюнча кабыл алынат.
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Ишеналы Арабаев атындагы атайын сыйлыгын” ыйгаруу окуу жайдын негизделгендигинин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада тапшырылат. Иш-чара 2025-жылдын 10-октябрында өткөрүлөт. Толук маалымат https://arabaevksu.edu.kg сайтында жайгашкан.
Комментарийлер