IOAI-2025: КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ КОЛО МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛДЫ
- 11.08.2025
- 0
2025-жылдын 2–9-август күндөрү Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында Жасалма интеллект боюнча II Эл аралык олимпиада (International Olympiad in Artificial Intelligence — IOAI) өттү.

Маалыматка ылайык, мелдешке 61 мамлекеттен келген 300 окуучу жана 73 команда катышты. Олимпиада эки күнгө созулуп, ар күнү катышуучулар үчтөн тапшырманы аткарышты. Алар жасалма интеллекттин ар кайсы тармактарын — машиналык окутуу, табигый тилди иштетүү жана компьютердик көрүү багыттарын камтыды.
Кыргызстандын командасы жалпы 537 упай топтоп, 73 команданын ичинен 45-орунду ээледи. Команданын курамы Northern Eurasia OAI 2025 мелдешинин финалдык этабынын жыйынтыгы боюнча аныкталган.

Окуучулардын жыйынтыктары: «Маариф» билим берүү комплексинин окуучусу Низовский Матвей – коло медаль, Бишкек шаарындагы №61 орто мектептин 11-классынын окуучусу Богуславский Семён – катышуучу, «Кут Билим» билим берүү комплексинин 11-классынын окуучусу Кенжегулов Акниет – катышуучу, Тажибаев Исхак – катышуучу. Ал эми команданы жетектеп барган «Газпром» олимпиадалык борборунун кызматкери Ишматов Мамат.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер