ИНСАНДЫН РУХАНИЙ-АДЕП-АХЛАКТЫК ӨНҮГҮҮСҮ, ДЕНЕ ТАРБИЯСЫ ЖАНА ЖАРАНДЫК АҢ-СЕЗИМИ – УЧУРДУН ӨЗӨКТҮҮ МАСЕЛЕСИ

  • 16.05.2023
  • 0

12-13-майда Жалал-Абад шаарындагы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин тарбия маселесин талкууга алган XII Эл аралык симпозиум болуп өттү. Конференциянын жүрүшүндө тарбия багытындагы орчундуу маселелер каралып,  бир топ кызыктуу баяндамалар жасалды.

ИНСАНДЫН РУХАНИЙ-АДЕП-АХЛАКТЫК ӨНҮГҮҮСҮ, ДЕНЕ ТАРБИЯСЫ ЖАНА ЖАРАНДЫК АҢ-СЕЗИМИ – УЧУРДУН ӨЗӨКТҮҮ МАСЕЛЕСИ

Пленардык жыйындагы, секциялык отурумдардагы жана мастер-класстардагы активдүү талкуулардын негизинде симпозиум төмөндөгүлөрдү сунуш кылат:

  1. Тарбиялык иштердин практикалык жагы күчөтүлөт, ата-энелер, айрыкча мигрант ата-энелер менен иштөө жакшыртылат, үй-бүлөлүк тарбия боюнча иштер активдештирилет;
  2. Тарбия маселесин эрте курактан баштоого көңүл бурулат;
  3. Окуу предметтеринин тарбиялык багыты күчөтүлүп, аларга улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктар сиңирилет;
  4. Жогорку, орто кесиптик окуу жайларда адистерди даярдоодо тарбиялык иштерге көңүл буруу жакшырат;
  5. Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү, дене маданияты, жарандык иденттүүлүгү боюнча иш-чаралар жер-жерлерде ырааттуу өткөрүлөт;
  6. Жаш муундун дене маданиятын калыптандыруу боюнча үгүт-насаат иштери жакшыртылат;
  7. Мазмунду жаңылоодо жана оптималдаштырууда интеграциялоого, дифференцирлөөгө, профилдик жана тереңдетип окутууга көңүл буруу күчөтүлөт;
  8. XXI кылымдын компетенттүүлүктөрүн калыптандырууга, баалоого, STEM предметтерди заман талабына ылайык окутууга, функционалдык сабаттуулукту арттырууга жана “PISA-2025” эл аралык изилдөөсүнө даярдык күчөтүлөт;
  9. Санариптештирүү процесси жана медиа билим берүү күчөтүлөт;
  10. Билим берүүнүн жана тарбиялоонун алдыңкы тажрыйбалары кеңири жайылтылат.
  11. “Кут Билим”медиа борбору, («Кут Билим», “Кут билим сабак”, “Эл агартуу”, “Русский язык и литература в школе”), “Мугалим” жана башка басылмалар, социалдык тармактар аркылуу маалыматтар кеңири жайылтылат.

Эл аралык илимий-практикалык симпозиумдун катышуучулары

Бөлүшүү

Комментарийлер