«ИНТЕГРАЦИЯ БИРИГҮҮ ЭМЕС». УИАнын ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНЫ
- 01.03.2024
- 0
2024-жылдын 29-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жылдык сессиясы өттү. Жыйынга УИА президенти Канатбек Абдрахматов баштаган академиялык илимий мекеменин академиктери менен корреспондент-мүчөлөрү, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, жогорку окуу жайларынын жетекчилери, илимий кызматкерлер менен аспиранттар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Жыл жыйынтыгы боюнча баяндама жасаган УИА президенти Канатбек Абдрахматов Улуттук илимдер академиясы өткөн жылы өзүнүн алдына койгон программалардын алкагында иш алпарганын баса белгиледи. Ал чечилбей калган көйгөйлөр да бар экенин жашырган жок. «Масален, өткөн жылы «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү демилгесин көтөргөнбүз. Азыр анын долбоору парламенттин кароосунда турат. Чынын айтыш керек, мыйзамды жаңыртмайынча көп нерсени өзгөртүү кыйын экен», — деди ал.
Ошондой эле, академиялык илимий мекеменин алдында өзгөчө макамга ээ болуу зарылчылыгы да турганы белгилүү болду. Баяндамачынын пикиринде, мындай кадам ар түрдүү булактардан табылган кошумча каражаттын мекеменин өзүндө калышына жана алардын өз алдынча жумшалышына, УИА Президиумунун макулдугу менен ички түзүм башкаруусун өз алдынча аныктоого жана алардын ишин уюштурууга, ашыкча каржылык текшерүүлөрдөн арылууга мүмкүнчүлүк берет.
«Биз жогорку окуу жайлары менен интеграциялануу деген аныктаманы башкача түшүнөбүз. Ал «кошулуу» деген сөз эмес, «өз ара тыгыз байланышты жөнгө салуу» деген маанини билдирет. Буюрса, интеграциялоо багытында тийиштүү аракеттер жасалып жатат. Ушу тапта бир катар жогорку окуу жайлары менен биргелешип иш алпаруу жаатындагы келишимдерге кол коюлду. Ырас, азырынча каршы болгон айрым тараптар да жок жок эмес», — деп өз сөзүн жыйынтыктады УИА президенти Канатбек Абдрахматов.
Улуттук илимдер академиясынын 2024-жылдагы бюджети 564 млн 800 миң сомду түзөт. Илимий мекемеде иштеген кызматкерлердин орточо эмгек акысы – 17 миң сом. Ал эми кенже илимий кызматкерлердин маянасы 9800 сомдон ашпайт.
Жыйын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Улуттук илимдер академиясы сындуу илимий мекемелер мамлекеттик бюджетти карап отура бербей, эл аралык гранттык программалардын алкагында иш алпарышы керектигин, дүйнөлүк практикада ошондой экенин, ошондуктан адегенде Илим фондун түзүү зарылдыгын билдирди.
«Жогору жактагылар бизди карабай калды, башкалар деле тоотпой калды, сындан башка жакшылыктуу сөз укпай калдык, кадыр-баркыбыз кетти деп кейип-кепчий берүүнүн кереги жок. Биз сиздерди өтө сыйлайбыз, бирок заман талабына жараша биргелешип иш алпарууга тийишпиз. Мисалы, быйылтан тартып келерки 5 жыл аралыгында Кыргызстан аймагында 14 архиологиялык экспедиция казуу жана иликтөө иштерин жүргүзө баштайт. Силер дагы эл аралык донорлор менен кыска, орто жана узак мөөнөттүү гранттык келишимдерди түзүп, ишти илгерилете башташыңар керек. Ансыз болбойт», — дейт ал.
Эдил Байсалов быйыл күзүндө азыркы Эгемен Кыргыз Республикасынын башатында турган Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын 70 жылдык маарекелери белгилене турганын баса белгилеп, окумуштууларды, анын ичинде Кыргызстандын тарыхы боюнча адистерди бул датанын кыргыз эли үчүн чыныгы тарыхый маңызын ачып берүү жүрүмүнө жигердүү катышууга чакырды.
Ушу тапта Министрлер Кабинетинин демилгеси боюнча академик А.Айдаралиев жетекчилиги астында жана курамы ар кандай адистерден турган атайын топ түзүлүп, Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары тарабынан сунушталган 44 долбоор иргелип алынды. Электен өткөн айрым долбоорлор эл чарбасында колдонууга киргизилиши мүмкүн.
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева өзү окумуштуу болбосо дагы узак жылдардан бери Улуттук илимдер академиясынын иши менен жакындан тааныш экенин, көптөгөн окумуштуулар менен биргелешип иш алпарып келгенин баса белгиледи.
«Биз окумуштуулардын саны боюнча алдыңкы катарда болгонубуз менен, илимий натыйжалуулук жагынан кыйла артта калдык. Азыркы заманда акча жок деп отура берген болбойт, биргелешип иштешибиз керек. Ушу тапта экономиканын өнүгүшү интеллектуалдык эмгекке карата таасири күчөп, ага жараша эл аралык рыноктун талабы да өсүп жаткан чак. Мына ошол заманбап техникалар менен жаңы технологияларды башка өлкөлөрдөн сатып албай, өзүбүз даярдап, өзүбүз пайдаланышыбыз керек», — деди ал.
Догдуркүл Кендирбаева заманбап рынок талабына жооп бериш үчүн адегенде тийиштүү кадрларды жетиштүү даярдоо зарылдыгына токтолду. Ошондон улам, министрлик азыркы учурда окумуштуулар менен бирге предметтик стандарттардын үстүндө иштеп жатат. Буюрса, өлкөнүн иш-аракетиндеги илимий компоненттерди бекемдөө, балдарды жаштайынан ар кандай долбоорлорлорду аткарууга тартуу, илимий иштерге кызыгуусун арттыруу максатында, мектептерде STEМ (Science, Technology, Engineering, Mathematics) сабагын окутуу аракеттери жасалууда. Министр илимсиз өнүгүү болбой турганын, өлкөнүн өнүгүшү жана калк турмушунун жакшырышы кыйын экенин кошумчалады.
Сөз соңунда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева быйыл Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынганына туура 30 жыл толорун, май айында анын маарекеси белгиленерин эске салды. Ал бир катар окумуштууларга Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынганынын урматына арналган маарекелик медалдарды тапшырды.
Кемел Белек, «Кут Билим»
Комментарийлер