ИЛИМ: КЫРГЫЗСТАН ДҮЙНӨЛҮК РЕЙТИНГДЕ 127-ОРУНДА

  • 14.11.2024
  • 0

Бүгүн, 14-ноябрда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Кыргызстандын илимий чөйрөсүнүн өнүгүшүнө жана жетишкендиктерине, илимий прогресстин актуалдуу маселелерине арналган иш-чара окумуштуулардын, ректорлордун катышуусунда өттүдө.

ИЛИМ: КЫРГЫЗСТАН ДҮЙНӨЛҮК РЕЙТИНГДЕ 127-ОРУНДА

Анда билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Кыргызстан илимдин докторлору жана кандидаттарынын саны боюнча алдыңкы орундарды бербей келгени менен дүйнөлүк рейтингде 127-орунда турганыбыз ойлонгонго себеп боло турган маселе экендигин белгиледи, бул илимди реформалоо мезгили өтүп бараткандын белгиси деп айтты.

Ошондой эле Расул Абазбек уулунун айтымында, 2023-жылы Кыргыз Республикасы  “Skopus” илимий метрикалык базасында 130-орунду ээлесе, быйыл 147-орунга  көтөрүлдү. Бул университеттердин жана окумуштуулардын консорциумун түзүп, “Skopus” журналына макалалардын чыгарылышы аркылуу келген жетишкендик. Мындан тышкары, “Web of Sience», “Google Scholar” базасында да рейтинг жогорулаганын кошумчалады. Мындан сырткары, Азия рейтингине кирген алты университет да туура багыттагы саясат жүргүзүлүп жаткандыгын айгинелейт.

ИЛИМ: КЫРГЫЗСТАН ДҮЙНӨЛҮК РЕЙТИНГДЕ 127-ОРУНДА

Бүгүнкү күнү Кыргызстанда 73 илимий жана илимий техникалык уюм бар. Алардын 39у ЖОЖдордо болсо, 17си Улуттук илимдер академиясында. Ал эми илимдин кандидаттарынын саны 5323гө жетсе, илимдин доктору — 1179, PhD доктор — 314.

Ал эми илим тармагын каржылоо республикалык бюджеттин 0.07% түзөт. Маселен, 2024-жылга карата 218,7 млн.сом бөлүнгөн.

КРнын Илим жөнүндөгү мыйзамына ылайык, республикалык бюджеттин кеминде бир пайызын илимге бөлүү каралып, 2030-жылга карата анын жалпы суммасы 1млр.сомдон ашуусу күтүлүүдө.

ИЛИМ: КЫРГЫЗСТАН ДҮЙНӨЛҮК РЕЙТИНГДЕ 127-ОРУНДА

Иш-чаранын алкагында «Кыргызстандын илимин өнүктүрүү – ийгиликке карай жол» аталышында кереге кеңеш да өткөрүлүп, анда илимий прогресстин негизги багыттары, анын ичинде академиялык илимдин абалы, фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдүн ролу, ошондой эле билим берүүгө санариптештирүүнүн таасири талкууланууда.

Катышуучулар эл аралык рейтингдерде Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын илимий көрсөткүчтөрүн жакшыртуу, медицинада жана башка чөйрөлөрдө инновацияларды киргизүү маселелери боюнча ой калчашат.

Мындан сырткары, жогорку окуу жайлардын алдыңкы стартап-долбоорлорунун көргөзмөсү уюштурулду.

 

АЙГЕРИМ ТОКТОБАЕВА, “КУТ БИЛИМ”

Бөлүшүү

Комментарийлер