III Эл аралык илимий-практикалык конференция

  • 28.01.2026
  • 0

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору Абдилбает Мамасыдыков жана окуу жайдын илим жана инновация боюнча проректору Алмаз Атабеков баштаган делегация Тажик мамлекеттик университети жана Тажик улуттук университети тарабынан 23-январда уюштурулган «Бухгалтердик эсеп, аудит, талдоо, салык салуу жана мамлекеттик финансылык контролду өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери: заманбап чакырыктар жана өнүгүү вектору» аттуу III Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

III Эл аралык илимий-практикалык конференция
Ректор, профессор Абдилбает Асанович конференцияда сүйлөгөн куттуктоо сөзүндө Борбор Азия өлкөлөрүндө экономиканын ыкчам өнүгүүсү шартында бухгалтердик эсеп, аудит жана финансылык контрол системаларынын айкындуулукту, ишенимди жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуудагы ролу өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Коом менен бизнес чөйрөсүнүн ишенимин бекемдөө мамлекет менен ишкерликтин ортосунда тең укуктуу диалогду калыптандырып, экономикалык өсүштүн негизги шарттарын түзөрүн баса белгиледи.
— Эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарын (МСФО) киргизүү, салык системаларынын трансформациясы жана мамлекеттик финансылык контролдун ролунун күчөшү терең илимий талдоону жана кесиптик даярдыкты талап кылат, бул конференция финансы-экономикалык илим менен практиканын стратегиялык өнүгүү багытын аныктоодо маанилүү аянтча болоруна ишенем деди А.Мамасыдыков.

III Эл аралык илимий-практикалык конференция
Ректор Борбор Азия өлкөлөрүндө көп жылдан бери ийгиликтүү иштеп келе жаткан бухгалтерлер жана аудиторлор ассоциацияларынын эл аралык отчеттуулукту өнүктүрүүдөгү ордун белгилеп, келечекте Бирдиктүү Борбор Азия рыногун түзүүгө өбөлгө болорун айтты. Бул өз кезегинде региондун инвестициялык жагымдуулугун арттырып, улуттук экономикалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтөрүн белгиледи.

Ректор Абдилбает Мамасыдыков конференциянын катышуучуларына жемиштүү иш, мазмундуу талкуулар, жаңы илимий жана кесиптик кызматташтыктарды каалап, иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнө тилектештигин билдирди.

III Эл аралык илимий-практикалык конференция
Конференцияга кесиптик ассоциациялардын жана палаталардын жетекчилери катышып, өз ара тажрыйба алмашууга, стандарттарды шайкеш келтирүүгө жана регионалдык интеграцияны тереңдетүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Жыйынтыгында, Кыргыз — Өзбек Эл аралык университети Тажикстан мамлекеттик университети жана Академик Осими атындагы Тажик техникалык университети менен кызматташуу келишимине кол коюлду.

Бөлүшүү

Комментарийлер