И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ: ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК БИЗ МЕНЕН!

  • 14.06.2024
  • 0

И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ: ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК БИЗ МЕНЕН!

Урматтуу АБИТУРИЕНТТЕР!

Ар бир адамдын жашоосундагы эң жоопкерчиликтүү жана чечүүчү кадам – келечектеги кесибин туура тандоо. Кесипти туура тандоо ийгиликтин башаты болуп саналат. Педагогикалык билим берүүнүн флагманы болгон, 80 жылга жакын тарыхы бар Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети учурда өлкөбүздөгү 10 алдыңкы жогорку окуу жайдын катарына кирип, 2022-жылы Канаданын Монреаль шаарында Эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борбору тарабынан “Жылдын мыкты университети” деп табылган.

Учурда университетте 11 институт, беш факультет, бир колледж өз ишмердүүлүгүн ийгиликтүү улантууда. Окуу жайда 18 000 студент билим алып, 1000ден ашуун жогорку квалификациялуу профессордук-окутуучулар курамынан турган эмгек жамааты эмгектенүүдө.

Университетте билим берүү, илим, маданий-гуманитардык тармактар боюнча эл аралык кызматташтык маселелери жолго коюлуп, анын негизинде студенттер академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча Казакстан, Түркия, Корея, Япония, Германия жана Россияда жана башка өлкөлөрдө билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Бакалавриат программасын аяктагандар үчүн университетте магистратура программасы боюнча билимин жогорулатууга шарттар түзүлгөн. Ал эми күндүзгү формада билим алып жаткан  социалдык жардамга муктаж студенттер үчүн атайын жеңилдиктер каралган.

Абитуриенттерге кеңеш: Абитуриенттер үчүн маалымат порталында жана www.arabaevksu.edu.kg расмий сайтынын башкы бетинде жайгаштырылган маалыматтар аркылуу өзүңүз үчүн көптөгөн жаңы жана кызыктуу материалдарды таба аласыз, анткени маалыматтын ачыктыгы заманбап талаптарга шайкеш келген университеттин эң маанилүү ишмердигинин бири болуп саналат.

Жаркын келечекке карай жол Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен! Университет сизди күтөт.

И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ: ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК БИЗ МЕНЕН!А. Абдраева,

И. Арабаев атындагы

Кыргыз мамлекеттик

университетинин ректору,  профессор   

 

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА МАДАНИЯТ ИНСТИТУТУ

Бакалавриат:

  • Кыргыз тили жана адабияты / күндүзгү / сырттан-дистанттык
  • Мамлекеттик тил кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде / күндүзгү / сырттан-дистанттык
  • Кыргыз тили жана адабияты, кошумча профили орус тили жана адабияты / күндүзгү / сырттан-дистанттык
  • Кыргыз тили жана адабияты, кошумча англис тили / күндүзгү
  • Манас таануу / күндүзгү
  • Манас таануу, кошумча профили кыргыз тили жана адабияты / күндүзгү
  • Манас таануу, кошумча профили англис тили / күндүзгү
  • Котормо жана котормо таануу (кыргыз тилинен орус тилине) / күндүзгү
Магистратура:
  • Кыргыз тили жана адабияты / күндүзгү / сырттан
  • Мамлекеттик тил кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде / күндүзгү / сырттан
  • Кыргыз тилин, адабиятын окутуунун теориясы жана методикасы / күндүзгү сырттан
  • Тилдик билим берүү / күндүзгү / сырттан

 

ОРУС ФИЛОЛОГИЯСЫ ФАКУЛЬТЕТИ

Бакалавриат:

  • Орус тили жана адабияты / күндүзгү / сырттан
  • Орус тили адабияты, кошумча профили кыргыз тили жана адабияты / күндүзгү сырттан

Магистратура:

  • Орус тили жана адабияты / күндүзгү / сырттан

ЖУРНАЛИСТИКА БӨЛҮМҮ

Бакалавриат:
  • Журналистика / күндүзгү / сырттан-дистанттык
  • Эл аралык журналистика /күндүзгү / сырттан-дистанттык
  • Эл аралык ишмердиктеги жарнама жана коомчулук менен байланыш / күндүзгү
  • Телеоператор, педагог / күндүзгү / сырттан-дистанттык

Магистратура:

  •  Журналистика / күндүзгү / сырттан

 

Ш. КАДЫРОВА АТЫНДАГЫ ДҮЙНӨЛҮК ТИЛДЕР ЖАНА   ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР ИНСТИТУТУ

Бакалавриат:

  • Чет тили (англис, немец тилдери) / күндүзгү
  • Англис тили, немец тили мугалими / күндүзгү
  • Англис тили, кыргыз тили жана адабияты мугалими / күндүзгү
  • Англис тили, орус тили мугалими / күндүзгү
  • Котормо жана котормо таануу (англис, немец, кытай, корей, араб, түрк тилдери)/ күндүзгү
  • Чет тилин жана маданиятын окутуунун теориясы жана методикасы (англис, немец тилдери) / күндүзгү
  • Лингвистика жана жаңы маалыматтык технологиялар (англис, немец, кытай тилдери)/ күндүзгү
  • Филологиялык дисциплиналарды окутуунун теориясы жана методикасы (англис, кытай, корей, араб, түрк тилдери) / күндүзгү
  • Компьютердик лингвистика (англис, немец, кытай тилдери) / күндүзгү
  • Эл аралык мамилелер (англис, кытай, корей, түрк, араб тилдери) / күндүзгү

Магистратура:

  • Чет тили / күндүзгү.
  • Филологиялык дисциплиналарды окутуунун теориясы жана методикасы / күндүзгү
  • Политикалык менеджмент / күндүзгү

Орто кесиптик билим берүү (Колледж):

  • Башталгыч класстардын англис тили мугалими
  • Котормо иши (англис, кытай, корей тилдери)

 

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ФАКУЛЬТЕТИ

  • Кытай тилин окутуунун теориясы жана практикасы (англис, кытай тилдери) / күндүзгү
  • Котормо жана котормо таануу (англис, кытай, корей, түрк, араб тилдери) / күндүзгү
  • Синхрондук котормо (англис, кытай, корей, түрк, араб тилдери) / күндүзгү
  • Эл аралык экономикалык мамилелер (англис, кытай, корей, түрк, араб тилдери) / күндүзгү
  • Бизнес туризм (англис, кытай, корей, түрк, араб тилдери) / күндүзгү
  • Политикалык менеджмент (англис, кытай, корей, түрк, араб тилдери) / күндүзгү

 

Э.Ж. МААНАЕВ АТЫНДАГЫ ТАРЫХ ЖАНА СОЦИАЛДЫК-УКУКТУК БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТУ

Бакалавриат:
  • Тарых / күндүзгү
  • Социалдык-экономикалык билим берүү (тарых) / күндүзгү / сырттан-дистанттык
  • Социалдык иш / күндүзгү / сырттан-дистанттык
  • Дипломатиялык жана консулдук кызмат / күндүзгү
  • Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат / күндүзгү / сырттан-дистанттык
  • Юриспруденция / мамлекеттик-укуктук / күндүзгү
Магистратура:
  • Тарых, дин маданиятынын тарыхы / күндүзгү / сырттан
  • Социалдык иш / күндүзгү / сырттан
  • Дипломатиялык жана консулдук кызмат / күндүзгү
Орто кесиптик билим берүү (Колледж):
  • Укук таануу / юрист / күндүзгү

И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ: ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК БИЗ МЕНЕН!

ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕР ЖАНА ТУРИЗМ ИНСТИТУТУ

Бакалавриат:

  • Биология / күндүзгү / сырттан-дистанттык
  • Биология / күндүзгү
  • Биология, химия мугалими / күндүзгү
  • Химия, биология мугалими / күндүзгү
  • Химия / күндүзгү / сырттан-дистанттык
  • География / күндүзгү
  • География, биология мугалими / күндүзгү
  • Химия / күндүзгү
  • Экология жана жаратылышты пайдалануу / күндүзгү / сырттан-дистанттык
  • Туризм / күндүзгү / сырттан-дистанттык

Магистратура:

  • Биология / күндүзгү / сырттан
  • Химия / күндүзгү / сырттан
  • География / күндүзгү
  • Биохимия / күндүзгү
  • Биотехнология / күндүзгү
  • Микроорганизмдер жана өсүмдүктөр / күндүзгү
  • Экология жана жаратылышты пайдалануу / күндүзгү
  • Туризм / күндүзгү

ПЕДАГОГИКА ЖАНА ПСИХОЛОГИЯ ИНСТИТУТУ

Бакалавриат:
  • Башталгыч билим берүү / күндүзгү / сырттан-дистанттык
  • Мектепке чейинки билим берүү / күндүзгү / сырттан-дистанттык
  • Логопедия / күндүзгү / сырттан-дистанттык
  • Олигофренопедагогика / күндүзгү
  • Сурдопедагогика / күндүзгү
  • Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячысы, башталгыч класстын мугалими / күндүзгү
  • Логопед, мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячысы / күндүзгү
  • Логопед, башталгыч класстын мугалими / күндүзгү
ПСИХОЛОГИЯ БӨЛҮМҮ:
  • Практикалык психология / күндүзгү / кечки

Магистратура:

  • Башталгыч билим берүү / күндүзгү / сырттан
  • Мектепке чейинки педагогика жана психология / күндүзгү / сырттан
  • Атайын педагогика / күндүзгү / сырттан
  • Жогорку мектеп педагогикасы / күндүзгү / сырттан
  • Педагогика, психология / күндүзгү / сырттан
  • Математиканы окутуунун теориясы жана технологиясы / күндүзгү
  • Информатиканы окутуунун теориясы жана технологиясы / күндүзгү
  • Билим берүү психологиясы / күндүзгү
  • Башкаруу психологиясы / күндүзгү
  • Педагогикалык психология жана атайын билим берүү / күндүзгү
  • Аскердик психология / күндүзгү

ЖАҢЫ МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ИНСТИТУТУ

Бакалавриат:

  • Информатика / күндүзгү / сырттан-дистанттык
  • Информатика, математика / күндүзгү
  • Маалыматты иштеп чыгуунун жана башкаруунун автоматташтырылган системалары / күндүзгү
  • Маалыматтык системалар жана технологиялар / күндүзгү / сырттан-дистанттык
  • Программалык камсыздоону иштеп чыгуу технологиясы / күндүзгү
  • Колдонмо информатика / күндүзгү
  • Интернет технология жана башкаруу / күндүзгү
Магистратура:
  • Маалыматтар технологиясы / күндүзгү / сырттан
  • Колдонмо информатика / күндүзгү
  • Маалыматтык системалар жана технологиялар / күндүзгү
Орто кесиптик билим берүү (Колледж):
  • Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо / күндүзгү / сырттан
  • Колдонмо информатика / күндүзгү
  • Маалыматтарды автоматташтыруу тутумун иштеп чыгуу жана башкаруу / күндүзгү

 

М. Р. РАХИМОВА АТЫНДАГЫ КОШУМЧА КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТУ

Бакалавриат:
  • Башталгыч билим берүү / сырттан, дистанттык технологияларды колдонуу менен
  • Мектепке чейинки билим берүү / сырттан, дистанттык технологияларды
  • колдонуу менен
  • Логопедия / сырттан, дистанттык технологияларды колдонуу менен
  • Кыргыз тили жана адабияты / сырттан, дистанттык технологияларды колдонуу менен
  • Орус тили жана адабияты / сырттан, дистанттык технологияларды колдонуу менен
  • Тарых / сырттан, дистанттык технологияларды колдонуу менен
  • Социалдык иш / сырттан, дистанттык технологияларды колдонуу менен
  • Биология / сырттан, дистанттык технологияларды колдонуу менен
  • География / сырттан, дистанттык технологияларды колдонуу менен
  • Математика / сырттан, дистанттык технологияларды колдонуу менен
  • Информатика / сырттан, дистанттык технологияларды колдонуу менен
  • Мекеменин менеджменти / сырттан, дистанттык технологияларды колдонуу менен
  • Китепкана жана маалыматтык иш / сырттан, дистанттык технологияларды колдонуу менен
  • Көркөм өнөр искусствосу / сырттан, дистанттык технологияларды колдонуу менен

Магистратура:

  • Мекеменин менеджменти / сырттан

ЭКОНОМИКА ЖАНА МЕНЕДЖМЕНТ ИНСТИТУТУ

Бакалавриат:

  • Каржы менеджменти / күндүзгү / сырттан-дистанттык
  • Экономика жана ишкананы башкаруу / күндүзгү / сырттан-дистанттык
  • Каржы жана насыя / күндүзгү / сырттан-дистанттык
  • Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит / күндүзгү / сырттан-дистанттык
  • Салыктар жана салык салуу / күндүзгү / сырттан-дистанттык
  • Электрондук бизнес / күндүзгү

Магистратура:

  • Жалпы жана стратегиялык менеджмент / күндүзгү
  • Эл аралык менеджмент / күндүзгү
  • Салык жана салык салуу / күндүзгү
  • Банктар жана банк иши / күндүзгү
  • Эл аралык каржы / күндүзгү
  • Ишкердик (бизнес) менеджменти / күндүзгү
  • Экономика жана ишкананы башкаруу / күндүзгү
  • Каржы жана насыя / күндүзгү
  • Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит / күндүзгү
Орто кесиптик билим берүү (Колледж)
  • Банк менеджменти / күндүзгү

И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ: ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК БИЗ МЕНЕН!

ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ ИНСТИТУТУ

Бакалавриат:

  • Дене тарбия жана спорт / күндүзгү / сырттан
  • Дене тарбия жана аскерге чейинки даярдык / күндүзгү

Магистратура:

  • Дене тарбия жана спорт / күндүзгү

Орто кесиптик билим берүү (колледж):

  • Дене тарбия жана спорт / күндүзгү

 

ЯПОНТААНУУ ИНСТИТУТУ

Бакалавриат:

  • Аймак таануу / күндүзгү
  • Мейманкана иши / күндүзгү
  • Эл аралык туризм / күндүзгү

Орто кесиптик билим берүү (Колледж):

  • Социалдык кызматкер / күндүзгү
  • Социалдык ассистент / күндүзгү
  • Техник / технолог / Коомдук тамак-аш азыктарынын технологиясы / күндүзгү

ЭЛ АРАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ ИНСТИТУТУ

Бакалавриат:

  • Чет тили (англис тили) / күндүзгү
  • Көркөм өнөр / күндүзгү
  • Маалымат технологиялары / күндүзгү
  • Колдонмо информатика / күндүзгү
  • Укук коргоо органдарындагы социалдык иш / күндүзгү
  • Орус тили жана адабияты / күндүзгү
  • Музыкалык билим берүү / күндүзгү
  • Экономика жана ишканаларды башкаруу / күндүзгү
  • Менеджмент / күндүзгү
  • Мектепке чейинки билим берүү жана психология / күндүзгү
  • Мектепке чейинки билим берүү / күндүзгү
  • Башталгыч билим берүү / күндүзгү
  • Билим берүү психологиясы / күндүзгү
  • Практикалык психология / күндүзгү
  • Башкаруу психологиясы / күндүзгү
  • Лингвистика / күндүзгү
  • Журналистика / күндүзгү
  • Эл аралык журналистика / күндүзгү

Магистратура:

  • Чет тили (англис тили) / күндүзгү
  • Көркөм өнөр / күндүзгү
  • Маалымат технологиялары / күндүзгү
  • Колдонмо информатика / күндүзгү
  • Укук коргоо органдарындагы социалдык иш / күндүзгү
  • Орус тили жана адабияты / күндүзгү
  • Музыкалык билим берүү / күндүзгү
  • Экономика жана ишканаларды башкаруу / күндүзгү
  • Менеджмент / күндүзгү
  • Мектепке чейинки билим берүү жана психология / күндүзгү
  • Мектепке чейинки билим берүү / күндүзгү
  • Башталгыч билим берүү / күндүзгү
  • Билим берүү психологиясы / күндүзгү
  • Практикалык психология / күндүзгү
  • Башкаруу психологиясы / күндүзгү
  • Лингвистика / күндүзгү
  • Журналистика / күндүзгү
  • Эл аралык журналистика / күндүзгү

И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ: ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК БИЗ МЕНЕН!

ФИЗИКА-МАТЕМАТИКА ФАКУЛЬТЕТИ

Бакалавриат:

  • Математика / күндүзгү / сырттан-дистанттык
  • Математика, информатика / күндүзгү / сырттан-дистанттык
  • Математика, физика / күндүзгү / сырттан-дистанттык
  • Физика, информатика / күндүзгү / сырттан-дистанттык
  • Физика / күндүзгү / сырттан-дистанттык
  • Информатика / күндүзгү / сырттан-дистанттык
Магистратура:
  • Математика / күндүзгү / сырттан
  • Физика / күндүзгү / сырттан
  • Маалыматтар технологиясы / күндүзгү / сырттан

ИСКУССТВО ЖАНА ДИЗАЙН ФАКУЛЬТЕТИ

Бакалавриат:

  • Костюмду көркөм долбоорлоо / күндүзгү
  • Музыкалык билим берүү / күндүзгү / сырттан
  • Чөйрө дизайны / күндүзгү / сырттан
  • Көркөм сүрөт / күндүзгү / сырттан
  • Көркөм сүрөт жана чөйрө дизайны / күндүзгү
  • Технология жана дизайн / күндүзгү / сырттан
  • Графикалык дизайн / күндүзгү
  • Кийим дизайны / күндүзгү

Магистратура:

  • Музыкалык билим берүү / күндүзгү
  • Көркөм сүрөт / күндүзгү
  • Технология жана дизайн / күндүзгү
 

ТЕОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

Бакалавриат:

  • Теология / күндүзгү / сырттан

Магистратура:

  • Теология / күндүзгү / сырттан

Орто кесиптик билим берүү (Колледж):

  • Теология / күндүзгү / сырттан

 

МЕДИЦИНА ФАКУЛЬТЕТИ

Медицина факультети 560001 «Дарылоо иши» билим берүү программасын ишке ашыруу максатында 2023-жылы түзүлгөн. Факультетте медицина адистиги боюнча беш жылдык окуу программаларында 12 жылдык орто билими бар чет элдик жарандар кабыл алынып,  окутуу англис тилинде жүргүзүлөт. Факультет өз ишинде ЖПД (жалпы практикалык дарыгер) боюнча адистерди даярдайт.

Окуу жайда чет элдик студенттерге билим берүү  үчүн талапка ылайык материалдык-техникалык база чыңдалган.  Студенттер жатакана менен камсыз болот. Ошондой эле алар үчүн атайын тил үйрөтүү курстарын уюштуруу каралган.

Факультет Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан таанылган.

 

ГУМАНИТАРДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖ

Квалификациясы:
  • Башталгыч класстарынын мугалими / күндүзгү / сырттан
  • Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячысы / күндүзгү / сырттан
  • Башталгыч класстардын жана коррекциялык билим берүү класстарынын мугалими / күндүзгү
  • Өнүгүүсүндө кемчилиги бар мектеп жашына чейинки балдардын тарбиячысы / күндүзгү
  • Өндүрүштүк окутуунун устаты / күндүзгү
  • Бухгалтер / күндүзгү / сырттан
  • Эколог / күндүзгү
  • Юрист / күндүзгү / сырттан
  • Салык салуу адиси / күндүзгү / сырттан
  • Модельер-конструктор / күндүзгү
  • Дизайнер (графикалык дизайн) / күндүзгү
  • Дизайнер (тармактар боюнча) / күндүзгү
  • Туризм / күндүзгү / сырттан

PHD – ( БАЗАЛЫК ДОКТОРАНТУРА) ДОКТОРАНТУРА

PhD — (базалык докторантура) докторантурага кабыл алуу 11 багыт боюнча жүргүзүлөт:

  • 550 700. Педагогика;
  • 530 300. Психология;
  • 550 400. Социалдык-экономикалык билим берүү;
  • 550 200. Физика-математикалык билим берүү;
  • 550 300. Филологиялык билим берүү;
  • 550 100. Табигый-илимий билим берүү;
  • 531 100. Лингвистика;
  • 580 100. Экономика;
  • 580 200. Менеджмент;
  • 531 500. Теология;
  • 710 300. Колдонмо информатика.

Окуу мөөнөтү: күндүзгү – 3 жыл.

АСПИРАНТУРА

Аспирантурага кабыл алуу илимдин 13 тармагы жана 33 илимий адистик боюнча жүргүзүлөт. Багыттардын тизмеси  https://vak.kg/nomenklatura сайтына жайгаштырылган.

Окуу мөөнөтү:

  • күндүзгү – 3 жыл
  • сырттан – 4 жыл

 

             АБИТУРИЕНТТЕРГЕ

Окуу жайга кабыл алуу төмөнкү шартта жүргүзүлөт:

1)  ЖРТнын негизинде жалпы орто билими жөнүндө аттестатына ээ болгон абитуриенттер үчүн (мектеп бүтүрүүчүлөрү) документтер веб-порталда онлайн режиминде hps://2020.edu.gov.kg/vuz кабыл алынат;

2)  Чет өлкөлүк жарандардын документтери hps://edugate.edu.gov.kg/ веб-порталда онлайн режиминде кабыл алынат;

3)  Мамлекеттик орто кесиптик жана жогорку кесиптик билими жөнүндө диплому бар абитуриенттер (колледждердин жана ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү), ошондой эле ЖРТ жыйынтыгына көз каранды болбогон (музыка, искусство, дизайн, дене тарбия) адистиктерине тапшырууну каалагандардын (бакалавр жана магистратура) документтери 3-июлдан 23-августка (магистратура 30-сентябрга) чейин кабыл алынат.

Каттоодон өтүү үчүн төмөнкү документтер керек:

  1. Дипломдун же күбөлүктүн түп нускасы тиркемеси менен, дипломдун (сертификаттын) көчүрмөсүнүн эки нускасы;
  2. Паспорт (өздүгүн тастыктаган документ) – көчүрмөсү (2 нуска);
  3. ЖРТнын сертификаты (ЖРТнын жыйынтыгы боюнча тапшыра турган абитуриенттер үчүн);
  4. Арыз ээсинин сүрөтү  3х4 өлчөмүндө (6 даана);
  5. Иш кагаздары үчүн 480 сом төлөм чегерилген.

       Кабыл алуу комиссиясынын дареги: Бишкек ш., Раззаков көч., 51А,

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин №2 окуу имараты.

     Толук маалымат алуу үчүн кабыл алуу комиссиясынын байланыш телефондору: +996 709 08 42 01; +996 701 95 95 04;  +996 312 626028.  

КМУ тууралуу толук маалыматтарды төмөнкү сайттардан биле аласыздар:

  1. www.arabaevksu.edu.kg
  2. https://2020.edu.gov.kg/reports?id_university=16 — ЖРТ базасында
  3. https://edugate.edu.gov.kg/plan/16 — Чет мамлекеттердин жарандары үчүн

  

Бөлүшүү

Комментарийлер