И.АБДРАИМОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ АВИАЦИЯЛЫК ИНСТИТУТУ

  • 11.05.2024
  • 0

И.АБДРАИМОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ АВИАЦИЯЛЫК ИНСТИТУТУ

УРМАТТУУ АБИТУРИЕНТТЕР,

СИЗДЕРДИ И.АБДРАИМОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ АВИАЦИЯЛЫК ИНСТИТУТУНА ЧАКЫРАБЫЗ!

Бүгүнкү күндүн талабына ылайык, биздин окуу жайдын коллективинин алдында турган маанилүү маселелердин бири болуп жогорку квалификациялуу авиация адистерин даярдоо эсептелинет.

Жаштардын келечекке карай алгачкы кадамы окуу жайын тандоодон башталат. Бул тандоо, айрыкча, уландар үчүн, жөнөкөй эмес, өтө жооптуу жана татаал. Анткени анын тандоосу келечектеги турмуш жолунун багытын аныктайт. Эгерде билим алууга жана авиациялык адистикти өздөштүрүүгө каалооңуз болсо, биздин окуу жай сизге квалификациялуу адис, коомдун жигердүү мүчөсү болууга жардам берет. Биздин окуу жайдын жогорку квалификациялуу окутуучулары жана материалдык-техникалык базасы толук кандуу билим алууга жана өрчүүгө бардык шарттарды түзөт.

Окуу процесси заманбап лабораториялык жабдуулар, стенддер, ар түрдүү учактардын агрегаттары жана күч түзүлүштөрү менен жабдылган мультимедиа кабинеттеринде жана компьютердик класстарда, ошондой эле машыгуу аэродромунда өткөрүлөт.

Бүгүн биз дүйнөңүн бүт континенттеринде иштеген бүтүрүүчүлөрүбүз менен сыймыктанабыз. Алардын кесиптик ийгилиги – И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтундагы окутуунун жогорку сапатынын далили!

Биз сиздерге окуу үчүн да, студенттик күндөрдүн кызыктуу өтүүсү үчүн да бардык шарттарды түзүп беребиз.

Бүгүн биз келечекке чоң максаттарды жана милдеттерди койдук жана аларды сиздер менен бирге ишке ашырабыз деп ойлойбуз!

И.АБДРАИМОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ АВИАЦИЯЛЫК ИНСТИТУТУ

2024-2025-окуу жылына төмөнкү багыттар боюнча кабыл алууну жүргүзөт:

ЖОГОРКУ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫНА

Багыты: 670500 Транспорттук технологиялык машиналарды, аба транспортунун комплекстерин жана системаларын эксплуатациялоо

1) Тармагы: «Учуучу аппараттарды күйүүчү–майлоочу майлар менен тейлөө»

Академиялык даражасы – Бакалавр

Окуу мөөнөтү жана формасы: күндүзгү – 4 жыл, сырттан окуу – 5 жыл.

2)  Тармагы: «Учуучу аппараттарды жана кыймылдаткычтарды техникалык эксплуатациялоо»

Академиялык даражасы – Бакалавр

Окуу мөөнөтү жана формасы: күндүзгү – 4 жыл, сырттан окуу – 5 жыл.

3) Тармагы: «Электрлештирилген жана пилотаждык-навигациялык комплекстерди техникалык эксплуатациялоо»

Академиялык даражасы – Бакалавр

Окуу мөөнөтү жана формасы: күндүзгү – 4 жыл, сырттан окуу – 5 жыл.

4) Тармагы: «Учуучу аппараттарды учууда эксплуатациялоо»

Академиялык даражасы – Бакалавр

Окуу мөөнөтү жана формасы: күндүзгү – 4 жыл

Багыты: 670600 Аба транспортундагы транспорттук процесстердин технологиясы

1) Тармагы: «Аба транспортундагы ташууларды уюштуруу жана башкаруу»

Академиялык даражасы – Бакалавр

Окуу мөөнөтү жана формасы: күндүзгү – 4 жыл, сырттан окуу – 5 жыл

2) Тармагы: «Транспорт коопсуздугу»

Академиялык даражасы – Бакалавр

Окуу мөөнөтү жана формасы: күндүзгү – 4 жыл, сырттан окуу – 5 жыл

3) Тармагы: «Аба транспортунун кыймылын башкаруу»

Академиялык даражасы – Бакалавр

Окуу мөөнөтү жана формасы: күндүзгү – 4 жыл.

Багыты: 580200 “Менеджмент”

1) Профиль «Менеджмент аба транспортунда»

Академиялык даражасы – Бакалавр

Окуу мөөнөтү жана формасы: күндүзгү – 4 жыл.

И.АБДРАИМОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ АВИАЦИЯЛЫК ИНСТИТУТУ

Абитуриенттер жогорку кесиптик билим берүү программаларына төмөнкү документтерди тапшырышат:

  • орто билими же орто кесиптик билими тууралуу аттестат/диплом бакалавр же адис;
  • Медициналык маалымдама 086/ флюрографиялык сүрөтү менен;
  • Психоневрологиялык жана наркологиялык диспансерлерден алынган маалымдама;
  • 3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;
  • аскердик каттоо күбөлүгү/билети (уландар үчүн);
  • паспортунун көчүрмөсү;
  • ЖРТ сертификаты

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ

Адистиги: 160901 «Учуучу аппараттарды жана кыймылдаткычтарды техникалык эксплуатациялоо»

Квалификациясы – техник (бюджет, контракт)

Окуу мөөнөтү: 11-класстын базасында – 2 жыл 10 ай, 9-класстын базасында – 3 жыл 10 ай.

Адистиги: 160904 «Электрлештирилген жана пилотаждык–навигациялык комплекстерди техникалык эксплуатациялоо»

Квалификациясы – техник (бюджет, контракт)

Окуу мөөнөтү: 11-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

Адистиги: 160902 «Учуучу аппараттарды күйүүчү-майлоочу майлар менен тейлөө»

Квалификациясы – техник (бюджет, контракт)

Окуу мөөнөтү: 11-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

Адистиги: 160504 «Учуучу аппараттарды учууда эксплуатациялоо»

Квалификациясы – учкуч (контракт)

Окуу мөөнөтү: 11-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

Адистиги: 160905 «Аба транспортундагы ташууларды уюштуруу жана башкаруу»

Квалификациясы – техник (контракт)

Окуу мөөнөтү: 11-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

Адистиги: 100112 “Аба транспортундагы тейлөө”

Квалификациясы – борткоштоочу

 Окуу мөөнөтү: 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай.

Адистиги: 170103 «Кемелерди энергетикалык орнотмолурун эксплуатациялоо»

Квалификациясы – техник-судомеханик (контракт)

Окуу мөөнөтү: 9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

Адистиги: 230110 «Эсептөө техникаларынын жана компьютердик тармактардын каражаттарын техникалык тейлөө»

Квалификациясы – техник (контракт)

Окуу мөөнөтү: 9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

Адистиги: “Учкучсуз учуучу аппараттарды техникалык эксплуатациялоо”

Квалификациясы – техник (контракт)

Окуу мөөнөтү: 9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

Адистиги: 080501 «Транспорт коопсуздугу»

Квалификация – Транспорт коопсуздугу (контракт)

Окуу мөөнөтү: 9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

Адистиги: 080501 «Менеджмент (тармактар боюнча)»

Квалификация – Менеджмент (контракт)

Окуу мөөнөтү: 9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай.

И.АБДРАИМОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ АВИАЦИЯЛЫК ИНСТИТУТУ

Абитуриенттер орто кесиптик билим берүү программаларына төмөнкү документтерди тапшырышат:

  • Негизги жалпы билими тууралуу документ (9-класстарды бүткөндүгү тууралуу күбөлүк) же жалпы билими тууралуу документ (аттестат, түп нускасы);
  • Медициналык маалымдама флюрографиялык сүрөтү менен;
  • Психоневрологиялык жана наркологиялык диспансерлерден алынган маалымдама;
  • 3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;
  • аскердик каттоо күбөлүгү/билет (уландар үчүн);
  • паспортунун көчүрмөсү.

Биздин дарек: 720009, Бишкек шаары, академик Лущихина көч., 60. И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту. Тел.: (0312) 41-80-43, 41-80-45, 41-80-38;

Сайт: www.kai.kg Эл. почта [email protected]         https://kutbilim.kg/news/inner/i–abdraimov–atyndagy–kyrgyz–aviatsiyalyk–institutu–2/

Бөлүшүү

Комментарийлер