БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АРДАГЕРИ ЧОЛПОНБЕК ТИЛЕНБАЕВ ШАХМАТТАН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ

  • 10.10.2025
  • 0

Грециянын Крит аралында АСО (Amateur Chess Organization) уюму тарабынан 50 жаштан жогору адамдардын арасында шахмат боюнча дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандык белгилүү мугалим, билим берүүнүн ардагери Чолпонбек Тиленбаев биринчи орунду ээлеп, дүйнө чемпиону аталды. Бул тууралуу ардагер мугалимдин кызы Гүлкайыр Тиленбаева “Кут Билим” медиа борборуна билдирип, сүйүнчүлөдү.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АРДАГЕРИ ЧОЛПОНБЕК ТИЛЕНБАЕВ ШАХМАТТАН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУЭл аралык шахмат рейтинги 1650 -1750 ге чейинки оюнчулардын арасында  Чолпонбек Дүйшөнбаевич тогуз таймашууда бардык атаандаштарын жеңип алды. Турнирде анын атаандаштары АКШ, Германия, Канада, Норвегия, Англия, Австралия, Голландия жана башка мамлекеттердин шахматчылары болгон.

Бул мелдешке 19 мамлекеттен 125 шахматчы катышты. Ардагерлердин дүйнөлүк акыл таймаштары 1-октябрда башталып, 9-октябрда жыйынтыкталды.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АРДАГЕРИ ЧОЛПОНБЕК ТИЛЕНБАЕВ ШАХМАТТАН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ

Дүйнө чемпионаты Швейцариялык системада ФИДЕнин эрежелери боюнча тогуз тур менен өттү.

-Атам «1992-жылдын мугалими», билим берүү тармагынын ардагери. Ал бүткүл өмүрүн башкаларды окутууга, шыктандырууга жана өнүктүрүүгө арнап, 70 жашында да бизге үлгү көрсөтүүнү улантууда. «65-75 жаш — адамдын жашоосундагы эң жемиштүү курагы. Бул убакытты эсепке алуу эмес, мурда кийинкиге калтырган көп нерселерди жасоо мезгили»,-деп бизге көп айтып, учурда дагы  коомдук ишмер катары демилгелүү иштерди аткарып, балдар үчүн мелдештерди уюштуруп келатат.  Андыктан ардактуу эс алууга чыкканда да билим берүү тармагындагы бай тажрыйбасын жаштар менен бөлүшүп, окуучулары, өспүрүмдөр арасында Азия чемпиондору жана жеңүүчүлөрү болгон “Тиленбаева атындагы балдар шахмат борборунда” балдарды  машыктырып, болочок чемпиондорду тарбиялап келүүдө. Атабыз  эч качан жеңил же ыңгайлуу жолдорду издеген эмес. Ал ар дайым абдан терең, сабырдуу, активдүү жана жигердүү болуп, бизге да үлгү, өрнөк болуп, ийгиликтерге шыктандырып келет,-дейт кызы Гүлкайыр.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АРДАГЕРИ ЧОЛПОНБЕК ТИЛЕНБАЕВ ШАХМАТТАН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУТиленбаевдердин үй-бүлөсү өлкөбүздө шахматты өнүктүрүүгө  жана жайылтууга зор салым кошуп келатат. Чолпонбек агайдын карындашы Бактыгүл Тиленбаев  Эл аралык шахмат федерациясынын чебери катары  ондогон Азия чемпиондорун, жеңүүчүлөрүн тарбиялап, Дүйнөлүк шахмат олимпиадаларында өлкө намысын коргогон. Ошондой эле Тиленбаева шахмат борбору шахматты жайылтууда үй-бүлөлүк тарбиянын маанисин түшүнүү менен, шахматтын үй-бүлөлүк баалуулуктун бирине айлануусуна көмөк катары эл аралык жана республикалык мелдештерди өткөрүп жүрүшөт.  Алардын демилгеси менен ар жыл сайын Кыргыз Республикасынын Баатыры, өлкөбүздүн биринчи космонавты Салижан Шариповдун байгесине арналган эл аралык турнир өткөрүлүп келүүдө.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АРДАГЕРИ ЧОЛПОНБЕК ТИЛЕНБАЕВ ШАХМАТТАН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ-Мектеп программасына шахмат киргизүү керек. Бул оюн балдардын акыл-эсин өнүктүрөт.  Арменияда, Азербайжанда, Грузияда, Индияда, Венгерияда жана Орусиянын Калмыкиясында  мектеп программасына шахматты киргизип, башталгыч класстарда сабак өткөндөн кийин окуучулардын жетишкендиги 40 пайызга өскөн. Ошондой эле физика жана математика боюнча жетишкендиктерге шахмат өбөлгө  болгон. Мисалга Арменияны эле алалы. Бул өлкөдө 2011-жылы  1-сентябрдан тарта башталгыч класстын окуучулары үчүн шахмат сабагы киргизилип, жакшы натыйжасын берип, коомчулук тарабынан колдоого алынган. Өкмөт мектеп балдарынын интеллектуалдык деңгээлин өнүктүрүү үчүн эле 2012-жылы  бюжеттен 480 миң доллар бөлүп берген. Шахмат сабагын мектеп программасына киргизүүнү  билим берүү министрлиги ар тараптан колдоп, төрт жылда эле Арменияны “шахматтык ири державасына” айлантууга өбөлгө түзүп, камкордукка алган. Шахмат оюну Арменияда өтө популярдуу болуп, эл аралык мелдештерде окуучулар ийгиликтерге жетип, өлкөнүн бардык аймактарына бул оюнга кызыгуу артты. Буга көп деле каражат да керектелбейт. Шахмат мектеп программасына киргизилсе, окуучулардын интеллектуалдык деңгээли жогорулап, илим-билимге болгон кызыгуу артмак. Бирок учурда шахматты окутуу боюнча өлкө боюнча кадр маселеси чечилиши кыйынчылык жаратканы айтылып келет.  Кыргыз мамлекеттик Дене тарбия жана спорт академиясында жана өлкөнүн шахмат федерациясынын алдында атайын курстарды ачуу аркылуу  физика, математика сабактарынын мугалимдерин, шахматчыларды кайра даярдоо менен бул кырдаалдан чыгууга болмок. Бул демилгени учурдагы Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева колдойт деп ишенем,- деп айтып келет  Чолпонбек Тиленбаев.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АРДАГЕРИ ЧОЛПОНБЕК ТИЛЕНБАЕВ ШАХМАТТАН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУӨлкөбүздүн билим берүүсүнүн мыктысы Чолпонбек Тиленбаев Нарын шаарындагы №2 Чкалов атындагы мектепте физика сабагынан мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, мектеп директору болуп иштеген. Ал  учурунда билим берүү жана илим министрлигинин аппарат башчысы да болуп кызмат өтөгөн.  Бишкек шаарындагы  №26 гимназия комлексинин директору да болгон.

1992-жылы “Жыл мугалими” конкурсунун жеңүүчүсү болгон. Азыркы убакта шахмат мектебинде окуучуларды акыл оюнуна машыктырып келатат. Ошол эле убакта билим берүүдөгү заманбап жаңыланууну колдоп сүйлөп, коомдук активдүү иштерди дагы жүргүзүүдө.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АРДАГЕРИ ЧОЛПОНБЕК ТИЛЕНБАЕВ ШАХМАТТАН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУАрдагер мугалимдин дүйнө чемпиону болушу жаштарга үлгү болуп саналат. Буга чейин Кыргызстандын тарыхында ардагерлер арасында шахматтан дүйнө чемпиону болгон эмес.

Билим берүүнүн ардагери Чолпонбек Дүйшөнбаевичти “Кут Билим” медиа борбору жеңиши менен куттуктайт.

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер