Госпиталдык мектептин көйгөйү Билим берүү жана илим министрлигинде талкууланды

  • 16.12.2024
  • 0

Бишкекте 13-декабрь күнү өткөн “Жардам берүү оңой” фонду уюштурган “Билим берүү жана камкордук: Кыргызстандагы госпиталдык педагогика” аталышындагы форумдун алкагында Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева менен Орусиядагы “УчимЗнаем” долбоорунун негиздөөчүсү Сергей Шариков жана фонддун директору Ирина Ем, балдар укукгун коргоочу Назгүл Турдубекова жана госпиталдык мектептин мугалими Мира Асанбаевна менен жолугушуу болуп өттү.

Госпиталдык мектептин көйгөйү Билим берүү жана илим министрлигинде талкууланды

Анда, Оштогу госпиталдык мектептин мугалимдерине мамлекет тарабынан айлык акы камсыздап берүү, балдарды окуу куралдары менен камсыздоо, санариптик мүмкүнчүлуктөрдү кеңейтүү сыяктуу көйгөйлөр айтылды.

Жолугушууда Орусия жана КМШ өлкөлөрү боюнча госпиталдык мектептердин негиздөөчүсү Сергей Шариков өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, Кыргызстандагы оорукана мектептеринин абалын жакшыртуу боюнча бир катар сунуштары менен бөлүштү.

Алар:

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу максатында Москвага окууга жөнөтүү:
Кыргызстандагы оорукана мугалимдери үчүн атайын иштелип чыккан билим берүү методикасын онлайн, оффлайн жолдору менен үйрөтүү:
Саламаттык сактоо министрлиги менен тыгыз кызматташуу:
Мугалимдердин дагы менталдык саламаттыгына көңүл буруп,  мезгил-мезгили санаторияга жөнөтүп туруу:
Окуу класстарын санариптик жабдыктар менен толуктоо:
Кыргызстанга коңшу Өзбекстандан кем эмес госпиталдык мектептерди түптөө:

Ошондой эле “Балдар укугун коргоо Лигасынын” негиздөөчүсү, укук коргоочу Назгүл Турдубекова узак убакыт дарыланган балдардын укугу дайыма эле корголо бербесин айтып, алардын билим алуусуна толук кандуу шарт түзүү мамлекеттин түздөн-түз милдети экенин айтты.

“Конституцияга ылайык, ар бир бала билим алууга укуктуу. Аны эч ким жокко чыгара албайт. Ошол сыяктуу эле ооруканадагы балдар дагы үзгултүксуз билим алуулары керек. Биз укук коргоочулар, активист, “Жардам берүү оңой” фонду болуп, ар тараптан жүгүрүп жүрүп, госпиталдык мектеп ачылган жана башка тийиштүү жардамдар бүгүнкү күндө коомчулук тараптан эле жасалып жатат. Ушул иштерди мамлекет өз колуна алса, ооруканадагы балдар дагы биздин келечек, аларгы олуттуу көңүл бурулуп, укугу корголуусу керек. Айрым учурда сабак өткөнгө дарыгерлер тарабынан тоскоолдук жаралган учур дагы болот экен. Урматтуу, Лира Аманбаевна ушул маселелерге көңүл буруп койсоңуз”, — деп билдирди укук коргоочу Назгүл Турдубекова.

Жолугушуунун аягында Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева көйгөйлөрдү чечүү үчүн бардык аракеттер көрүлөрүн билдирди жана биринчи кезекте Оштогу госпиталык мектептин мугалимдер үчүн мамлекет тараптан айлык акы төлөп берүү маселеси караларын айтты.

Эске сала кетсек, 13-декабрь күнү, “Жардам берүү оңой” фондунун он жылдыгына карата Кыргызстандагы госпиталлык мектептин абалы боюнча форум болуп өткөн. Ага министрликтин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Абакиров, укук коргоочулар, активисттер жана мугалимдер катышты.

“Жардам берүү оңой” фонду он жылдан бери рак менен ооруган балдарга ар тараптуу жардам көрсөтүп келет. Фонддун негизги миссиясы — онкологиялык оорулар менен жабыркаган балдардын дарылануусуна жана реаблитациясына татыктуу шарт түзүү.

Бөлүшүү

Комментарийлер