GLOBAL ФОРУМ-2024 СҮРӨТ ТҮРМӨК
Бүгүн Бишкекте “Мектептер 2030” глобалдык үчүнчү форум өтүп жатат. Бул форум ар өлкөдөн келген 250 өкүлдүн башын бириктирди.
Форумдун максаты — коомдун өнүгүшүнө салым кошуу үчүн балдардын жана жаштардын билимин, көндүмдөрүн, дүйнө таанымын, баалуулуктарын калыптандыруу боюнча алдыңкы тажрыйбаларды жана чечимдерди аныктоого, жайылтууга көмөктөшүү.
Форумга мугалимдер, мектеп жетекчилери, жаштар, жарандык коом өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, донорлор жана мамлекеттик мекемелер менен өнөктөштөр катышууда.
Португалиянын мурдагы билим берүү министри, азыр ОЭСРдин Билим берүү саясаты боюнча төрагасы, профессор Жоан Коста.
Кениянын билим берүү министринин орун басары доктор Саломе Майна. Кыргызстан эстафетаны бул өлкөгө өткөрүп берет.
Сапаттуу билим берүү үчүн мугалимдердин лидерлигин бекемдөө үчүн биргелешкен иштер аткарылат.
Климатка туруктуулукту өнүктүрүүдө билим берүүнүн ролу чоң.
Форумга Бразилия, Индия, Африка, Кения, Тажикстан, Пакистан, Англия, Канада, Португалия жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышууда.
Үч күнгө созулган форумдун башкы темасы — мугалимдердин климаттын өзгөрүшүнө каршы туруктуулукту камсыздоодогу ролу. Эл аралык контексттин алкагында үч багыттагы маселелер каралат: окутуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатуунун жолдору, окутуу чөйрөсүн жакшыртуу жана билим берүү системаларын өнүктүрүү.
Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»
Комментарийлер