ГЕРМАНИЯДАГЫ СТУДЕНТТЕРДИН ДҮЙНӨЛҮК МЕЛДЕШИ
- 25.07.2025
- 0
16-июлдан бери Германиянын Дуйсбург шаарындагы Бүткүл дүйнөлүк студенттердин ХХХII жайкы Универсиаданын мелдештери курч мүнөздө өтүп, 160ка жакын мамлекеттен 8500дөй спортчу мөрөй талашып жатат.

Rhine-Ruhr 2025 FISU World University Games | 16.07.2025 | Schauinslandarena | Duisburg | Opening Ceremony | Team Kyrgyzstan | © Anthony Hanc / Rhine-Ruhr 2025
Универсиаданын алкагында спорттун 18 түрү боюнча мелдештер Бохум, Дуйсбург, Эссен, Мюльхайм-ан-дер Рур, Хаген жана Берлин шаарларында атаандаштык менен өтүүдө. Күч сынашууларга 18 жаштан 25 жашка чейинки университеттердин студенттери же 2024-жылы бүтүргөндөр катышып жатат.
Бул иш-чарада Кыргызстандын намысын 16 студент спортчу коргоп жатышат. Мында кыргызстандыктар спорттун таэквондо, дзюдо, жеңил атлетика, сууда сүзүү жана үстөл тенниси түрлөрү боюнча күч сынашууда.
Денис Петрашов-чемпион, Нурхан Самидинов коло байге ээси
19-июлда кыргызстандык суучул, Азия чемпиону Денис Петрашов Германияда өтүп жаткан Универсиада оюндарынын алтын медаль утуп алды.
Ал 100 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзүү боюнча мелдешке катышып, мыкты жыйынтык көрсөтүп, күйөрмандарды сүйүнттү. Алгачкы, мыктыларды тандап алуу этабында Петрашов 1 мүнөт 0,63 секунда убакыт менен марага келип, үчүнчү орунду ээлеп, жарым финалга жолдомо алган. Жарым финалда ал жакшы даярдыгы менен 1 мүнөт 0,27 секунданы көрсөтүп, бешинчи орун менен финалга чыккан эле. Финалдык жарышта кыргызстандык спортчу 59,32 секундалык жыйынтык көрсөтүп, атаандаштарын артта калтырып, марага биринчи сүзүп келип, алтын медалдын ээси болду.
Ошондой эле кыргызстандык таэквондочу Нурхан Самидинов Универсиада мелдештеринде коло медаль тагынды. Бул тууралуу делегация жетекчиси Урмат Асанбаев “Кут Билим” гезитине билдирди. Дүйнө жүзүнөн тандалган 30 таэквондочунун күч сынашуусунда 54 килограммга чейинки салмакта Нурхан өлкө намысын коргоду.

Ал алгач австралиялык атаандашы Хили Сетти (2:0), Жапониянын өкүлү Охара Русейди (2:0), чейрек финалда египеттик Моатазбелла Ассем Атта Абусеревди (2:0) утуп алды. Жарым финалда америкалык Йонгсеок Этан Ган менен беттешип, ага аз упай жеңилип, үчүнчү орунду ээледи. Тилекке каршы, таэквондо боюнча мелдештерге катышкан Ажар Махметова, Айдин Алтыбаев жана Абдулазим Абдурахимов ийгилик жарата алышкан жок.
23-июлда универсиаданын дзюдо таймашуулары башталып, 66 кг салмакта Ханболот Ырысбеков жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеп калды. Ошондой эле 25-июлда дзюдочулар Анарбек Ишенбаев, Даут Полтушев жана Эржан Канатбеков өлкө намысын коргоп, мөрөй талашууларга катышканы турат. Ал эми жигиттерден Нурмухаммед Бакирдинов менен кыздардан Мырзаим Дүйшөнбекова байгелүү орундарга илинбей калды.
Үстөл тенниси боюнча мелдештерге катышкан Тилек Молдалиев жана Бектемир Осмонов дагы жеңилүү ызасын тартып калышты.
26-июлда универсиада оюндарынын 21 километр 97 метр аралыктагы жарым марафон жарыштарына кыргызстандык жөө күлүктөр Нурсултан Кеңешбеков менен Айнуска Калил кызы катышат.
2023-жылы Кытайдын Чэнду шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк студенттердин Универсиада оюндарында беш миң метр жарышта Нурсултан Кеңешбеков коло байгенин ээси болгон. Токио олимпиадасынын катышуучусу Нурсултан Азиянын эки жолку чемпиону да болуп саналат.
Германия өлкөсүндө өтүп жаткан Универсиада оюндарынын мелдештери 27-июлда жыйынтыкталат.
Универсиаданын кыргызстандык чемпиондору жана байге ээлери
Универсиада – Эл аралык университеттик спорт федерациясы (FISU) тарабынан уюштурулган бүткүл дүйнөлүк студенттер арасындагы спорттук мелдештер. «Универсиада» аталышы «Университет» жана «Олимпиада» деген сөздөрдөн келип чыккан. Көбүнчө «Дүйнөлүк университет оюндары» жана «Дүйнөлүк университет оюндары» деп аталат. Жайкы жана кышкы Универсиада эки жылда бир өткөрүлөт. 1960-жылдан бери так жылдары – жайкы, ал эми жуп жылдары — кышкы Универсиада мелдештери уюштурулуп келет. Бүткүл дүйнөлүк Универсиада француз Жан Петижандын демилгеси менен 1924-жылы Варшавада алгач ирет өткөрүлгөн. Универсиаданын регламенти Олимпиадалык оюндар менен бирдей. Урааны — «Илим, спорт, достук жана тынчтык» болуп саналат.
Кыргызстандык спортчулардан универсиада оюндарына алгач ирет сууда сүзүү боюнча Европанын чемпиону Ахмед Анарбаев катышып, 1970-жылы Италиянын Турин шаарында өткөн мелдеште биринчи күмүш байге утуп келген. Москва олимпиадасынын чемпиону Татьяна Колпакова 1981-жылы Румыниянын Бухарест шаарында өткөн ХI Универсиада оюндарында 6 метр 81 сантиметр узун аралыкка секирип, алтын медаль тагынган. Москва олимпиадасынын чемпиону Николай Чернецкий дагы Бухарест шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк студенттердин Универсиада оюндарында жеңишке жетип, 400 метр аралыкты 45,12 секунда чуркап өтүп, чемпион аталган.
Ошондой эле жеңил атлетикачи Игорь Паклин дагы 1985-жылы Жапониянын Кобе шаарындагы Бүткүл дүйнөлүк Универсиада оюндарында 2 метр 41 сантиметр бийиктикке секирип, дүйнөлүк рекордду жаңыртып, алтын медаль тагынган. 1877-жылы Болгариянын София шаарында өткөн Универсиада оюндарында грек-рим күрөшүнөн кыргыз балбаны Кадыр Дүйшөнбиев коло байге утуп алган.
Кыргызстан эгемен өлкө болгону жеңил атлетчи Дарья Маслова, балбандар Нурбек Аканов менен Нурбек Кожобеков, суучул Денис Петрашов Универсиада оюндарынын чемпиондору болушту.
2013-жылы Орусиянын Казан шаарында өткөн XXVII Универсида оюндарына Кыргызстандын 98 студент спортчусу катышып, абдан олжолуу келишкен. Алар 12 медаль утуп алса, анын экөө алтын, дагы экөө күмүш жана сегиз коло байге болгон.
Кыргызстандык балбандардан Нагира Сарбашева күмүш медаль тагынса, Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Жолчубеков, Самат Надырбек уулу, Артур Те, Канимет Барпыбеков, Бекболсун Кушубаков , Бурул Алыкулова, Нуржан Рыскул уулу, Дуулатбек Сапарбек уулу жана Кадыр Келсинбеков коло байгелүү болушкан.
Кабыл Макешов,
спорттук баяндамачы, “Кут Билим”
Комментарийлер