ГҮЛНУР ТАШТАНБЕКОВА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА КОЛО БАЙГЕЛҮҮ БОЛДУ

  • 25.10.2025
  • 0

24-октябрдын түнүндө Сербия өлкөсүнөн дагы бир кубанычтуу кабар келди.

Бул өлкөнүн Нови Сад  шаарында спорттук күрөш боюнча 23 жашка чейинки жаштар арасында дүйнө чемпионаты курч мүнөздө өтүп жатат. Кечээ Кыргызстандын намысын коргогон Нурзат Нуртаева 23 жашка чейинки балбан кыздар арасында 72 кг салмакта күч сынашып, Дүйнө чемпиону болуп, алтын медаль  тагынып, элибизди кубантса, 68 килограмм салмакта күч сынашкан Гүлнур Таштанбекова коло байгелүү болду.

ГҮЛНУР ТАШТАНБЕКОВА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА КОЛО БАЙГЕЛҮҮ БОЛДУ

68kg WW — Gulnura Tashtanbekova (KGZ)

Жаштар арасында Азия чемпиону Гүлнур алгачкы беттешинде мексикалык Дебанхи Тапиа Гарсияны 13:4 эсебинде артыкчылык менен жеңип алган. Чейрек финалда италиялык Лаура Годинону 7:0 эсебинде утуп, жарым финалга жолун ачкан.  Финалга чыгуу үчүн күч сынашууда түркиялык Несрин Баска 6:8 эсебинде бир упай айырма менен утулуп калган.

Келечегинен үмүткөр кылган Гүлнур Таштанбекова үчүнчү орун үчүн болгон беттеште германиялык Герда Барфты 4:2 эсебинде жеңип,  23 жашка чейинки кыздар арасында дүйнө чемпионаттын коло медалына ээси болду.

ГҮЛНУР ТАШТАНБЕКОВА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА КОЛО БАЙГЕЛҮҮ БОЛДУГүлнур  2022-жылы Италиянын Рим шаарында өткөн өспүрүм кыздар арасындагы дүйнө чемпионатында коло байге уткан.  2023-жылы 20 жаштагылар арасында Азия чемпиону болгон. 2024-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпионатында дагы коло медаль тагынган. 2025-жылы быйыл жайында Бишкекте өткөн 20 жаштагылар арасындагы Азия чемпионатында бардык атаандаштарынын утуп, Азия чемпиону аталып, алтын медаль тагынган. Ошондой эле быйыл Вьетнамда  23 жаштагылар арасындагы Азия чемпионатында да үчүнчү орунду камсыз кылган. Быйыл май айында Түркияда өткөн Эл аралык турнирде дагы баш байгенин ээси болгон.

Сербиядагы спорттук күрөш боюнча 23 жашка чейинки жаштар арасында дүйнө чемпионатында коло байгелүү болгон  Гүлнура Таштанбекованы, ошондой эле кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабековду, улук машыктыруучу Нурдин Дөңбаевди жана Гүлнурдун биринчи  устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Болот Ибраевди ийгиликке салым кошкону үчүн  куттуктайбыз!

ГҮЛНУР ТАШТАНБЕКОВА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА КОЛО БАЙГЕЛҮҮ БОЛДУИйгилик жана жеңиштердин сыры тууралуу  Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер, өлкөбүзгө эмгек сиңирген машыктыруучу, даңазалуу устат  Нурбек Изабековдон телефон аркылуу сураныбызда мындай деди:

«Балбан кыздар менен иштеген машыктыруучулар курамы советтик күрөш мектебинен таалим-тарбия алгандыктан ушундай ийгиликтер болууда. Бул күрөш мектеби абдан популярдуу, таасирдүү болгон. Ушул күнгө чейин биз бул мектептин залкар устаты, СССРге жана Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Жеңиш Бекбоевич Дөңбаевден күрөш сырларын, ыкмаларын жана тактикасын үйрөнгөнүбүз менен сыймыктанабыз. Жана Жеңиш агайдын мурастарын улантып ушул система менен иштеп келебиз. Ал Кыргызстанда жакшы натыйжаларды берип жатат. Бүгүнкү күндө биз эркин күрөш боюнча советтик улуу машыктыруучулардын чыгааны Жеңиш Бекбоевич жана башка улуу устаттардын аркасы менен ийгиликтерге жетип жатабыз.»,-дейт Кыргызстанды дүйнөлүк аренада таанытып жаткан  балбан кыздарды таптаган устаттардын башында турган Нурбек Изабеков.

ГҮЛНУР ТАШТАНБЕКОВА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА КОЛО БАЙГЕЛҮҮ БОЛДУ

Гүлнурдун биринчи  устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Болот Ибраев менен байланышканыбызда мындай деди:

— Гүлнурдун ата-энеси Нарын районундагы Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Куйбышев айылында жашайт. Атасынын аты-Эрнис, апасынын аты-Мээрим. Ата-энеси айылда мал чарбачылыгы менен алектенет. Гүлнур 2005-жылы туулган. Үй-бүлөнүн уулу кызы. Азамат деген иниси бар. Ал Бишкекте сүрөтчүнүн окуусун окуп жаткан студент. 2012-жылы туулган Арууке деген сиңдиси бар. Гүлнурду чоң атасы менен чоң энеси тарбиялагандыктан чоң атасы Таштанбек аксакал 4-класста окуп жатканда мага күрөш ийримине алып келген.  Алга чата-энеси «кыз бала дагы күрөшчү беле, уят эмеспи» дешип каршы болушкан. Чоң атасы Таштанбек аксакал мага аманат кылып, «Айсулуудай чемпион болуп, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан кыз болсун.  Ата-бабаларыбыз балбан болгон. Ошондуктан ушул  неберемден кыз болсо дагы үмүтүм чоң. Сөөгү биздики, эти меники. Сен деле учурунда союзга таанымал чемпион болуп, устат катары далай чемпиондорду тарбияладың. Гүлнурдун чемпион болгонун көрсөм арманым жок» деп мага батасын берип, табыштаган.  Алгач айылдан Нарын шаарында барып келип машыгуу кыйынчылык жараткандыктан, жоопкерчиликти мен алып, Нарындагы жатак мектепке киргизип, ошол жерде окуп, жатак мектептин спорт залында машыга баштаган. Алгач ирет күрөш ыкмаларын менден үйрөнүп, башкалардан тырышчаактыгы, жоопкерчилиги менен айырмаланып турчу. Нарын шаарынын күн чыгыш аймагындагы №10-мектепте спорт залы ачылып, ошол залга окуучуларды машыктырып, Гүлнурду ошол мектепке которуп, ошол мектепти бүткөн.  Тилекке каршы Таштанбек аксакал Гүлнурдун жаштар арасында Азия чемпиону, жаштар арасында дүйнө чемпионатынын байгелерин утканын көрбөй калды. Учурда Гүлнурду белгилүү устат Нурбек Изабеков машыктырып жүрөт. Дүйнө чемпиону, олимпиаданын күмүш жана коло медаль ээси Мээрим Жуманазарова менен салмагы бирдей болгондуктан Мээрим менен курөшүп, бирге машыгып жүрүп, чеберчилиги өсүп, такшалып баратат. Ушундай күрөштө өнөктөшүң болсо, өсүш болот.

ГҮЛНУР ТАШТАНБЕКОВА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА КОЛО БАЙГЕЛҮҮ БОЛДУГүлнурдун туулуп өскөн Куйбышев айылында дагы Нарын шаарынан жумасына үя-төрт ирет барып келип күрөш залын ачып,  айылдык балдар-кыздарды да машыктырып жүргөн элем. Бул айылда  келечегинен үмүткөр кылган таланттуу, күрөшкө шыктуу балдар жана кыздар арбын. Эркин күрөшкө кызыгып калышкан эле. Тилекке каршы, Айыл өкмөтү «күрөш залын ремонт кылып беребиз» деп убада бергенден бери ремонт кылынбай жабылып турат.  Айыл өкмөтүнүн жетекчилери улам алмашып, спортко көңүл бурулбай жаткандыктан айрым балдар Нарын шаарындагы менин залыма келип, машыгууга аргасыз болуп жатат. Күн сууктап бараткандыктан балдарга да кабатыр болуп, жолго чыгып, автоунаа тосуп барып келип жаткандарына сары-санаа болгондуктан, кээде кеч болгондо өзүмдүн унаам менен жеткирип барып жатам,-дейт Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Болот Ибраев.

ГҮЛНУР ТАШТАНБЕКОВА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА КОЛО БАЙГЕЛҮҮ БОЛДУОшентип  жаш балбан кыздарыбыз Сербияда өтүп жаткан  спорттук күрөш боюнча 23 жашка чейинки жаштар арасында дүйнө чемпионатындагы таймашууларын жыйынтыкташты. Натыйжада   Нурзат Нуртаева дүйнө чемпиону аталып, алтын медаль тагынса, Гүлнур Таштанбекова 3-орунду ээлеп, коло байгелүү болду. Кайыркүл Шаршебаева  5-орунду камсыз кылды.

Бул келечегинен үмүткөр кылган кыздар үчүн мыкты ийгилик болуп саналат.

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер