ЕВРО2024: ИСПАНИЯ МЕНЕН АНГЛИЯ ФИНАЛДА БЕТТЕШЕТ

  • 11.07.2024
  • 0

Бишкек убактысы боюнча 11-июлга караган түнү футбол боюнча 2024-жылдагы Европа чемпионатынын жарым финалдык беттешүүсүндө Англия менен Нидерланддын курама командалары мөрөй талашты.

ЕВРО2024:  ИСПАНИЯ МЕНЕН АНГЛИЯ ФИНАЛДА БЕТТЕШЕТБеттеш Германиянын Дортмунд шаарындагы “Сигнал идуна парк” стадионунда өтүп, курч таймашууда Англиянын курама командасы 2:1 эсебинде жеңишке жетти. Ошентип  Европа чемпионатынын финалына чыккан экинчи команда Англия болду. Оюндун 7-мүнөтүндө Нидерланддын жарым коргоочусу Хави Симонс гол киргизип эсепти ачты. 18-мүнөттө оюндун эрежесин бузган голландиялыктарга башкы калыс 11 метрлик айып тобун тебүү чечимин чыгарды.  Англиянын чабуулчусу Харри Кейн 11 метрлик айып тобун аттандаштардын дарбазасынын бурчуна таамай тээп, эсепти теңеди. Беттештин акыркы  90-мүнөтүндө  Англиянын дагы бир чабуулчусу Олли Уоткинс гол киргизүү менен командасынын жеңишин камсыз кылды.

10-июлга каЕВРО2024:  ИСПАНИЯ МЕНЕН АНГЛИЯ ФИНАЛДА БЕТТЕШЕТраган түнү Испаниянын тандалган футболчулары Франциянын курама командасын 2:1 менен утуп, финалда ойноого укук алышкан.

Эми 14-июлда бишкек убактысы 15-июлга караган түнкү саат бирде Испания менен Англия курама командалары 2024-жылдагы Европа чемпионатынын финалында  беттешип, чемпиондук наамдын тагдыры чечилет.

Германияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионаты 14-июнда башталган. Чемпионатта 24 өлкөнүн курама командалары күч сынашты. Алгач ирет Грузия менен Сербиянын курама командалары катышты.

ЕВРО2024:  ИСПАНИЯ МЕНЕН АНГЛИЯ ФИНАЛДА БЕТТЕШЕТФутболдон Европа чемпионаты 1960-жылы Францияда башталган.   Испания  курама командасы ушуну менен бешинчи ирет финалга чыгышы. Алар үч ирет 1964, 2008, 2012-жылдары Европа чемпиону аталып, баш байге уткан. Ал эми 1984-жылы финалда Францияга жеңилип калган. Футболдун мекени аталган Англия бир дагы жолу Европа чемпиону болуша элек. 2020-жылы финалда Италия менен беттешип, оюн негизги жана кошумча убакыттарда  1:1 эсебинде аяктап, жекеме жеке топ тебүүдө (пенальти)  баш байгени италиялыктарга алдырып, экинчи болуп калышкан.  1968-жылы үчүнчү орунду камсыз кылышкан. Бул ирет англиялыктар испандарды утуп, алгач ирет Европа чемпиону боло алабы? Аны финалдык беттешүүдөгү таймашуу аныктайт.

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы, “Кут Билим”  

 

Бөлүшүү

Комментарийлер