«ЭТНОСТАНДАН» ЭТНОБИЛИМ

  • 18.08.2021
  • 0

Жакында борборубузда дагы бир маданий борбор ачылды. Чет жердеги кыргыздардын этно-маданий бөтөнчөлүгүн жаамы журтка жеткирүүнү көздөгөн бул маданий борборду теги кытайлык кыргыз боордошубуз Каныбек Толкун уулу негиздеген.

Каныбек Толкун уулу бакалавр, магистр даражаларын Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан алганын айтат.
— Кеп маданияты боюнча магистрлик ишимди ийгиликтүү коргоп жатып, жалпы кыргыздардын аймактарга жараша тилдик өзгөчөлүктөрү бар экенин байкадым, — дейт филология магистри.

"ЭТНОСТАНДАН" ЭТНОБИЛИМ

Анын пикиринде аймактар боюнча айырмачылыктар бир гана тилде десек туура эмес.

— Кыргызды кыргыз кылып турган калпакты эле алалы. Мисалы Кызыл-Суу кыргыздарынын башына кийген калпагынын үстү жапыс, алды тегерек формада болот, — дейт борбордун жетекчиси.

«Этностанда» ар бир аймакта жашаган кыргыздардын улуттук кийимдери, баш кийимдеринен тышкары Кытайда араб арибинде басылып чыккан Чыңгыз Айтматов баш болгон акын-жазуучулардын китептери коюлган.
Ушул эле жерде «Этностан» менен катарлаш «Билгистан» билим берүү курстары иштеп, мында жаштар чечендик өнөр, араб тили, англис тили сабактарын мыкты саяпкерлерден үйрөнүп жатканын кошумчалай кетели.

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер