ЭТНОЭСТЕТИКАЛЫК ТААЛИМ-ТАРБИЯГА АРНАЛГАН ЭМГЕК

  • 10.12.2025
  • 0

Ар кандай илимий эмгек тууралуу сөз болгондо оболу аны жараткан адамдын бейнеси эске келет. Буга байланыштуу таанытуу обьекти болуп жаткан «Кыргыз эл педагогикасындагы эстетикалык тарбия»  аттуу китептин автору Акматали Алимбековдун ысмы бүгүн «кыргыз эл педагогикасы» «этнопедагогика» деген сыяктуу  илим тармактары менен бирдей ассоциацияны жаратып ошол илимий багыттын синоними сыяктуу кабылданып келет.

Ал дээрлик 45 жылдан бери кыргыздардын балдарды тарбиялоо тажрыйбаларын изилдеп талдап олтуруп 300дөн ашык түрдүү жанрдагы эмгектерди жазган. Анын илимий ишмердүүлүгүнүн таркалуу географиясы кеңири жана масштабдуу. Макалалары алыскы Түркия, Америка сыяктуу мамлекеттердин рейтинги жогорку илимий журналдарында жарык көргөн. Окумуштуунун эмгектерине берилген шилтемелердин саны 600дөн ашык. Google Scholar рейтинги боюнча Кыргызстандын 1000 окумуштуунун ичинде 127 -орунда.

Китепте сөз болгондой урпактарын эстетикалык жактан тарбиялоо кыргыздардын салттык педагогикалык маданиятында байыртан эле өз алдынча максаты жана натыйжасы айкын өз алдынча системдүү мүнөзгө ээ багыт болуп эсептелген.

Автор белгилегендей салттуу кыргыз коомунда эстетикалык тарбия күндөлүк турмушту коштогон салттар, эмгек, тиричилик, оозеки чыгармачылык менен терең айкалышта болуп, анын мазмунун, милдеттерин төмөнкүлөр түзгөн: курчап турган чөйрөдөгү көркөм сөз, жаратылыш, турмуш-тиричилик, өз ара инсандык мамилелердеги нукура асылдык, кооздук, сулуулуктун үлгүлөрүн кабылдоо, таануу, баалоо, коргоо, байытууга үйрөтүү; балдардын көркөм жасалга, өнөр, ырдоо, көркөмдөп сүйлөө сыяктуу чөйрөлөрдөгү билимдерин жана тажрыйба, жөндөмдөрүн өнүктүрүү; күндөлүк жашоо-тиричиликте, өнөрдө кооздукту жаратуу жөндөмүн жана тажрыйбасын өнүктүрүү; көркөм өнөргө көрөӊгөлүү балдардын жөндөмүн эрте байкап, алардын өнөрүн сактап өнүктүрүүнү коомдук камкордукка алуу.

Белгиленген милдеттердин контекстинде китеп «Кыргыз элинин сулуулук, асылдык жөнүндөгү түшүнүктөрү жана идеалдары», «Эне тил жана элдик оозеки чыгармачылык балдарды эстетикалык жактан тарбиялоонун мектеби катары», «Элдик музыкалык фольклор жана элдик музыкалык эстетикалык тарбия», «Турмуш-тиричилик, көркөм кол өнөрчүлүк жана кийим-кече маданиятынын эстетикалык тарбия системасындагы орду» сыяктуу төрт баптан турат. Ар бир бапта сөз болгон салттык турмуш кубулуштарынын балдарды эстетикалык жактан тарбиялоодогу орду, көп кырдуу фактылардын негизинде ачылып көрсөтүлүп, салмактуу корутунду жыйынтыктар чыгарылган. Автордун пикиринде байыркы көчмөн кыргыздардын тарыхында түрдүү курактагыларга арналган ырлар жандуу турмуштун бардык чөйрөсүн коштоп, эмгек процесси, ырасым салттары менен жуурулушуп, синкреттик мүнөзгө айланып кеткендиктен, коомдун ар бир мүчөсүнүн ырдын маанисин, ыргагын кабылдоо сезиминин жогорулугун жана ал чөйрөнүн пассивдүү керектөөчүсү катары эмес, активдүү катышуучусу катары калыптанышын талап эткен. Ал эми кыргыздардын турак жайы болгон боз үйдүн курулуш турпаты, жерге же ууктарга илинген түрдүү кооз буюмдары, оюм-чийимдери, колго жасалган түрдүү тиричилик буюмдары эстетикалык тарбиялоонун бөтөнчө чөйрөсүн түзгөн. Кыргыз балдары кооздукту өз үйү, өлөң төшөгүндө көрүп, суктанып, сезип-туюп ал буюмдардын сын-сыпатын, тазалыгын сактап тутууга жана аларды өз колу менен жасап көбөйтүүгө тикеден-тике катышкан. Китепте кыргыздардын көркөм дүйнөсүнө, сулуулукка болгон мамилесине, табият менен адамдын гармониясына, көркөм өнөргө үйрөтүү салттарына байланыштуу тарыхый этнографиялык, турмуштук фактылар арбын.

Монографиялык изилдөөнүн алкагында алынган натыйжалардын илимий жаӊылыгы кыргыз эли тарабынан топтолгон жаш муундарды эстетикалык жактан тарбиялоонун көп кырдуу каражаттарынын мүмкүнчүлүктөрүн, бөтөнчөлүктөрүн ачып көрсөтүүдө турат.

Монографиялык изилдөөнүн материалдары түрдүү таалим-тарбия мекемелеринде эстетикалык тарбиялоо багытында түрдүү концепцияларды, иш чараларды иштеп чыгуу да, кыргыз этнопедагогикасы боюнча окуу куралдардын мазмунун айкындоо, байытууда, элдик педагогика жана элдик эстетика багытындагы изилдөөлөрдүн тематикалык чектерин кеӊейтүүдө колдонулушу мүмкүн.

Ибраим ЧОТОВ,

«Кут Билимдин» өз кабарчысы.

Бөлүшүү

Комментарийлер