ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАР ҮЧҮН ЖОЖдорго ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ 19-АВГУСТКА ЧЕЙИН УЗАРТЫЛДЫ
- 19.07.2023
- 0
2023-2024-окуу жылына Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда билим алууга чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздар үчүн 75 квота бөлүнгөн.
Сынакка этникалык кыргыздар — Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркия Республикасынын жана Пакистан Ислам Республикасынын жарандары катыша алышат.
Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин https://student.edu.gov.kg/ онлайн системасына катталып, “Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2023-2024-окуу жылында кабыл алуу” бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек. Ошондой эле 2023-жылдын 19-августу саат 23:59га чейин милдеттүү болгон талааларды толтуруу зарыл.
Конкурстук программага катышуу боюнча суроолорго маалымкаттар иш күндөрү саат 15: 00дөн 17: 00гө чейин +996(312)625082, 621519, 620497 телефондору аркылуу берилет. Ошондой эле программага катышуу боюнча суроолорду [email protected] электрондук дарегине жиберсе болот.
Толугураак маалымат — https://edu.gov.kg/announcements/272/
Комментарийлер