ЭРТЕ ЧЕЧИМ – ЭРТЕҢКИ ИШЕНИМ
- 17.02.2026
- 0
ЮНИСЕФтин “Расти в любви” долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 800 ата-эне окуудан өтүп, түрдүү майыптыгы бар 81 бала аныкталган. Долбоордун адистери райондо жана ага караган айыл аймактарында жашаган өзгөчө муктаждыгы бар балдарга ар тараптуу мамлекеттик кызматтарды көрсөтүштү. Ошондой эле 64 адис трансдисциплинардык, башкача айтканда ар түрдүү тармактагы адистерден куралган жана биргелешип иш алып барган топтун мүчөсү катары атайын окутуудан өттү.
Комплекстүү ыкманы киргизүүгө багытталган бул долбоор сегиз жашка чейинки балдарды жана алардын үй-бүлөлөрүн камтыйт. Анын негизги максаты – майыптыгы бар ар бир балага балага жана үй-бүлөгө багытталган, экономикалык жактан жеткиликтүү кызматтарга жетүүнү камсыз кылуу.

Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айканыш Абдыкулованын айтымында, долбоор Саламаттык сактоо министрлиги, ЮНИСЕФ, Социалдык коргоо министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасында 2022–2024-жылдарга карата майыптыгы бар балдар үчүн эрте кийлигишүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында ишке ашырылган.
– Долбоордун негизги багыттарынын бири – ар бир муниципалитетте тиешелүү адистерден, мамлекеттик өкүлдөрдөн, жеке кызмат көрсөтүүчүлөрдөн жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн турган трансдисциплинардык топторду түзүү болду. Бул топтор балдардагы майыптыкты эрте аныктап, аларга жекече колдоо көрсөтүүгө шарт түздү, – дейт ал.
Сузак районундагы “Алтын Уя” мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Чолпонай Жунусалиева эрте кийлигишүү программасынын натыйжалуулугун белгиледи. Анын айтымында, программа баланын өнүгүүсүндөгү өзгөчөлүктөрдү эрте аныктап, өз убагында адистерге кайрылууга жана керектүү жардам алууга өбөлгө түзөт.
– Биз учурда ата-энесинин ден соолугунда көйгөйү бар балдар менен иштеп жатабыз. Ошондой эки бала бар. Алардын бири мурда сүйлөөдөн кыйналса, адистердин комплекстүү колдоосунун натыйжасында азыр алты-жети сөз айта баштады. Дарыгерлердин жана логопеддин тынымсыз көзөмөлү, тарбиячылардын аракеттери жакшы жыйынтык берип жатат, – дейт Ч.Жунусалиева.

Тил өнүгүүсү кечигип чыккан беш жаштагы Абай да ушул долбоордун катышуучусу. Анын апасы Мира Сапаралиеванын айтымында, баласы “Алтын Уя” бала бакчасына эки жашынан бери барат.
– Баламдын тили кеч чыкканын байкаганда мугалимдер сунуштап, “Расти в любви” долбооруна катыштык. Адистер логопедге көрсөтүп, текшерүүлөрдөн өткөрүп, керектүү кеңештерди беришти. Азыр балам теңтуштары менен жакшы сүйлөшүп калды. Мен бардык ата-энелерге айтаарым – баланын ден соолугунда кандайдыр бир өзгөрүү байкалса, кечиктирбей дарыгерге кайрылуу керек. Өз убагында жардам алса, жакшы натыйжа болот, – дейт Мира айым.
Ал ошондой эле көпчүлүк бала бакчаларда логопед адистер жетишсиз экенин, мындан улам айрым ата-энелер борбор калаага кайрылууга аргасыз болуп жатканын белгиледи.
“Расти в любви” долбоору сегиз жашка чейинки балдарды, анын ичинде майыптыгы бар балдарды жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоону күчөтүүгө багытталган. Программа эрте кийлигишүүгө, ден соолугунун мүчүлүштүгү бар балдарды адистештирилген мекемелерге жайгаштыруунун алдын алууга, зомбулуктан коргоого жана инклюзивдүү чөйрө түзүүгө өзгөчө көңүл бурат.

Долбоордун алкагында психосоциалдык колдоо көрсөтүлүп, медициналык жана билим берүү кызматтарына жеткиликтүүлүк камсыздалууда, үй-бүлөлөрдү бекемдөөгө багытталган иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул аракеттер балдардын үй-бүлөлүк чөйрөдө жашоо, сапаттуу өнүгүү жана тең мүмкүнчүлүк укуктарын ишке ашырууга өбөлгө түзүп жатат.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер