Эрмеков Жунусмамат — некролог
- 26.03.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагы оор жоготууга учурады. Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Жунусмамат Эрмеков 24-мартта 80 жашында дүйнөдөн кайтты.
Эрмеков Ж. 1946-жылы 28-августта Ош облусунун Өзгөн районунун Ничке-Сай айылында туулган. 1967-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математика факультетин ийгиликтүү аяктагандан кийин өмүрүн бүтүндөй билим берүүнү өнүктүрүүгө жана адистерди даярдоого арнады. Эмгек жолун Ош педагогикалык окуу жайында математика мугалими болуп баштаган. Андан кийин Фрунзе политехникалык институтунда окутуучу. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде стажировкадан өткөн.
Кесиптик ишмердигинин орчундуу бөлүгү — 1992-жылдан 2020-жылга чейин — Ош курулуш колледжинин директору болуп үзүрлүү иштеди.
Ал бир катар окуу-методикалык колдонмолордун жана илимий иштердин автору. Физика-математика илимдеринин кандидаты.
Кыргызстандын орто кесиптик билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана билим берүү тармагындагы талыкпас эмгеги үчүн мамлекеттик бир катар сыйлыктарга татыктуу болгон.
«Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери» ардактуу наамы ыйгарылган. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» төш белгиси, «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына арналган эстелик медалы менен, бир нече жолу Ош шаарынын мэриясынын жана Ош облустук администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйланган.
2015-жылы «Эркин-Тоо» гезитинин тандоосу боюнча «Жылдык мыкты жетекчиси» болуп жарыяланган. «Кыргыз Республикасынын Ардактуу инсандары» коомдук бирикмесинин «Эл сүйгөн жетекчи» медалы менен сыйланган.
Жунусмамат Эрмековдун жаркын элеси жана кылган ак эмгеги кесиптештеринин, окуучуларынын жана аны билген замандаштарынын баарынын эсинде түбөлүккө сакталат.
Ош мамлекеттик курулуш колледжинин эмгек жамааты, Ош аймактык медициналык колледжинин жамааты Жунусмамат Эрмековдун өмүрлүк жубайына, балдарына жана жакындарына кайрат айтып, азасын тең бөлүшөт.
Комментарийлер