ERASMUS+ ПРОГРАММАСЫН ИШКЕ АШЫРУУ ТАЛКУУЛАНДЫ
- 10.10.2024
- 0
7-октябрда Европа биримдигинин ERASMUS+ программасынын жогорку билим берүү системасынын өнүктүрүүгө тийгизген таасири талкууланды.
Жолугушууга Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исираилова, бир катар жогорку окуу жайлардын жетекчилери жана Erasmus+ программасынын менеджери Мария-Сол Домингес Паррадо катышты.
Домингес Паррадо аталган программа академиялык мобилдүүлүккө, университеттердин эл аралык аброюн жогорулатууга жана билим берүүнүн сапатын жакшыртууга көмөктөшө тургандыгын баса белгиледи.
Тараптар ошондой эле Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагында кызматташуунун келечектүү багыттарын аныкташты.
Бөлүшүү
Комментарийлер