ЭР ЖИГИТ ЭЛ ЧЕТИНДЕ, ЖОО БЕТИНДЕ

  • 23.02.2026
  • 0

Кызыл-Кыя Тоо-техникалык инновация жана экономика колледжиде бүгкүн мекен коргоочулар күнүнө арналган иш чара болду.

Окуу жайдын мүдүрү Жеңишбек Матосмонов, аялдар кеңешинин төрайымы Кансулуу Айдарова жана тарбия иштери боюнча мүдүрдүн орунбасары Эркинбек Байбалаевдер жана табигый илимдер циклынын мугалимдери мекен коргоочуларды куттуктап сүйлөштү.

Ошондой эле аскердик марш, чакан концерттик программа жана спорттук маданий иш чаралар менен коштолду.

Бул иш чаранын негизги максаты жаштарды куралдуу күчтөрдүн уставын, аскердик милдеттерди так аткарууга, Мекенди сүйүүгө жана коргоого тарбиялоо болуп саналат.

Майрамдык иш чарага “Мекен коргоочулар” коомдук бирикмесинин төрагасы Жайлообай Эшанкулов катышты.

Спорттук мелдешке катышкан жеңүүчү студенттерге Кубок жана алкыш баракчалары тапшырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер