ЭНЕ ТИЛГЕ ТААЗИМ
- 19.02.2026
- 0
Ош технологиялык университетинде 21-февраль — Дүйнөлүк эне тилдер күнүнө карата «Эне тилге таазим» аттуу адабий-музыкалык иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чара гуманитардык-технологиялык колледжинин Коомдук жана табигый илимдер борборуна караштуу Дүйнөлүк тилдер предметтик циклдик бирикмеси тарабынан уюштурулуп, ага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер активдүү катышты.
Саамалыкты ОшТУнун проректору, педагогика илимдеринин доктору Ашим Зулпуев ачып, эне тилдин улуттук өзгөчөлүктү сактоодогу, жаш муунду тарбиялоодогу жана билим берүүдөгү орду тууралуу сөз сүйлөдү. Ошондой эле гуманитардык-технологиялык колледжинин директору Төлөнбай Саадалов куттуктоо сөзүн айтып, эне тилге болгон урмат-сыйды жогорулатуунун маанисин белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө ар улуттун ыр-бийлери аткарылып, ар түрдүү тилдерде монологдор окулду. Мындан тышкары, комуз күүлөрү жаңырып, Манас эпосунан үзүндүлөр айтылып, көрүүчүлөргө жогорку деңгээлдеги маданий программа тартууланды.
Адабий-музыкалык кечеге катышкан көрүүчүлөр үчүн жагымдуу маанай жаралып, иш-чара Дүйнөлүк эне тилдер күнүнүн маанисин кеңири ачып бере алган таасирдүү саамалык болду.
ОшТУнун басма сөз кызматы.





Комментарийлер