ЭНЕ ТИЛГЕ ЭСЕПСИЗ САЛЫМ

  • 24.09.2024
  • 0

Бүгүн, 24-сентябрда, Борбор Азиядагы Америка университетинде  Инновациялык колледждин ага окутуучусу, белгилүү этнопедагог, кыргыз туусунун авторлорунун бири Сабыр Иптаровдун жубайы, көрүнүктүү агартуучу Бурул Шамбаеванын кыргыз, орус жана англис тилдериндеги «Кыргыз макалдары» аттуу кылымдарга калчу эмгегинин бет ачары өттү.

ЭНЕ ТИЛГЕ ЭСЕПСИЗ САЛЫМ

Бул иш-чара БАУнун китепканасы тарабынан  уюштурулуп, ал мамлекеттик тил күнүн майрамдоого арналды.
Мында чогулган кыргыз тилинин күйөрмандары: студенттер, окутуучулар, ар кайсы тармактын өкүлдөрү жаңы китептин эне тилин окутуудагы, үйрөнүүдөгү практикалык баалуулугун белгилешип, тилдин көркөмдүгүн байыткан бул эмгекти ЖОЖдордо, атайын орто окуу жайларында, орто мектептердин жогорку класстарында кошумча сабак катары киргизүүнү сунуштап, жергиликтүү ишкерлер колдоого алган келечектүү долбоорлордун мазмундук бөлүгүнө камтуу демилгесин көтөрүп чыгышты.

Бул күнкү майрамдык иш-чаранын алкагында мындан тышкары, студенттер арасындагы көркөм окуу сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, БАУнун колдоосунда котормо жаатында аткарылчу иштер тууралуу кенен маалымат берилди.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер