«ЭМГЕКЧИЛДИН ЭМГЕГИ — БАЙЛЫК, БИЛИМДҮҮНҮН ПИКИРИ — БАЙЛЫК»

  • 02.12.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин доктору, ардактуу профессор Каниметов Жангороз Каниметович мамлекетибиздин билим берүү тармагына опол тоодой эмгек жумшаган улуу инсан болчу. Эмгек жолун мугалимдик кесиптен баштап мектеп директору, облустук билим берүү тармагынын башчысы, Билим берүү жана илим министринин орун басары, легендарлуу Жогорку Кеңештин эл өкүлү кызматын аркалаган, эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон мыкты жетекчи, даанышман педагог эле.

«ЭМГЕКЧИЛДИН ЭМГЕГИ - БАЙЛЫК, БИЛИМДҮҮНҮН ПИКИРИ - БАЙЛЫК»

Жангороз Каниметович өмүрүнүн акырына чейин билим берүү тармагында өрнөктүү эмгек жумшады. «Билим кенч — эмгек анын ачкычы» дейт элибизде. Түбү терең билим кенине сүңгүп кирген, келечек үчүн агартуу жолунда талыбаган эмгеги, бийик асыл-сапаттары менен менен эл сүймөнчүлүгүнө ээ болду. Агайдын ар бир баскан жолунан, аткарган ишинен үлгү алып, баш ийип таазим кылууга болот. Жогорку адамдык сапатын, кесипкөйлүгүн, алдыга карай ой жүгүртүп, алысты көрө билген, ар адамдын кадырын баалай билген, жөнөкөй, канчалык бийик даражага жетсе дагы, бой көтөрүп текеберленбеген, эмгекчил адам катары замандаштары баалап келет. Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик М. Мамакеев: «Иним турмуштук жолунда бир позицияда турган, кыябынан жазып кетпеген, өсүүнүн жолун аркалаган, элине ак, адал кызмат кылган инсан», — деп баа берген. Ал эми Эл мугалими И. Бекбоев: «Ж.Каниметов ар күнү адам болууга аракет кылган, элине алымдуу, адамга жугумдуу, жумшак мүнөздүү, талыкпас изденгич, мыкты уюштургуч, иштерман саясатчы жана илимпоз инсан. Кыргыз элинде айтылган «билимдин күчтүүсү — адамгерчилик» дегендей, Жангороз — абдан бийик адамгерчиликтүү жигит», — деп журт атасы, улуу кеменгер жогорку баасын берген. Ал эми педагогика илимдеринин доктору А.Акматалиев: «Жангороз Каниметович карапайым калктын арасында кадыры жогору, карапайым адамдарга жакын жана сиңимдүү, табиятынан өзү да карапайым, канчалык кызматтарды аркаласа да кыргызга таандык карапайым адамдык сапаттарды жоготкон эмес. Бул кылымдардан келаткан элдик нарк-нусканы билген, сактаган адам, ошол үчүн эл сыйлайт, өзү элге жакын, эл бу кишиге жакын. Улуу адамдарга карап түздөлүп жүргөн элдин жакшысы, асылды асыл баалай билет», — деп асыл адам катары терең оюн билдирген. (Жангороз Каниметов — коомдук ишмер, педагог, окумуштуу. Б: 2015-ж., 64 б., 77 б., 113-б).

Айтылуу Жеңижок акын «Акылманды ар элде аз жараткан дүнүйө» деп атйкандай, Жангороз агай кыргыздын акылман, кеменгер инсаны болгон. Элибизде мындай кеменгерлер арбын эмес.

Мамлекетибиздин билим берүү тармагындагы реформаларды, жаңылануу жолдорун, билим берүү тармагын жогорку деңгээлге көтөрүү жолундагы учурдун талабын талдап отуруп, агай түптөп кеткен жогорку деңгээлдеги мыкты жетекчилик чеберчиликти, жаңыланууга карай изденүү иш-аракетиндеги ар бир аткарган эмгеги бүгүнкү күнгө таалим жана өрнөк болот деп билем. Мектептин жөнөкөй мугалим болуп эмгектеген учурлардагы изденүү аракеттери, чыгармачылык менен эмгек жумшаганы, кесипкөйлүгү, мыкты уюштургуч жетекчилик сапаттарын замандаштары, педагогдор жамааты, жалпы коомчулук жогору баалап келишет. Мектеп жетекчиси болуп эмгектенген учурларындагы мектептин ишмердүүлүгүн алдыга жылдырып, тынымсыз тажрыйба алмашуу багытын көздөгөн иш-чараларды өткөрүп, барган жериндеги мектепти гүлгө айлантып, жогорку деңгээлге жеткирген чыныгы лидер, терең билимдүү башкаруучу болгондугун педагогдор жамааты баалап келишет.

«ЭМГЕКЧИЛДИН ЭМГЕГИ - БАЙЛЫК, БИЛИМДҮҮНҮН ПИКИРИ - БАЙЛЫК»

Жангороз Каниметович билим берүү тармагындагы мектеп системасын мыкты билип, жолго койгон, башкаруу системасы тууралуу илимий көз карашын далилдеп, педагогика илимдеринин доктору даражасына чейин жеткен, баштаган ишинин өтөөсүнө чыккан адам.

Бүгүнкү күндө мектеп системасын жаңы ийгиликтерге буруп, жаңылануунун ачкычын таап, дүйнөлүк стандарттан, өркүндөп-өскөн билим берүү тармагынын катарына жетүү жолунда ар бир педагог Ж.Каниметовичтин өмүр жолундагы талыкпаган иш-аракетин, изденүүсүн, кеменгер башкаруучулугун, эмгекчилдигин үлгү тутуу зарыл деп эсептейм.

Мен Жангороз агай туулуп өскөн айтылуу Түп районундагы Токтоян айылындагы ата-бабам жердеген элдин кызымын. Жангороз Каниметович менен жакындан, чыгармачылык, кесиптик байланыш ишимди 2014-жылы Каракол шаарындагы И.Бийбосунов атындагы педагогикалык колледждин 80 жылдык маарекесинде жолуккандан тартып баштадым. «Мугалим болуу — эң чоң кесип, мугалим дайыма сыймыктуу» деп агай белгилегендей, мугалимдик кесипти жогору баалап, кесибин сүйүп келген инсан экендигин жакындан тааныдым. «Менин карындашым, менин кызым, республиканын «Мыкты мугалими» наамын алуу, жогорку жеңишке ээ болуш чоң сыймык. Мугалимдик кесип ардактуу, бул кесипти жогорку даражага жеткире билүүгө, эмгектин өтөөсүнө чыгуу аракетиңе ыраазымын», — деген залкар адамдын акыл-насаатын угуш мен үчүн сыймык болду. Жогорку адамгерчилик сапатын, мугалимдик кесипти жогору баалаган, агартуучулуктун улуу жолунун өтөөсүндө талыкпай эмгектенген асыл адам катары тааныдым. Мен эмгектенген Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун улуу муундагы кызматкерлери Жангороз Каниметовичтин ысымын жогору баалап, сыймыктанып турушат. Ошол институттун имаратынын сакталышына, билим берүү тармагынын ээлигине өтүшүнө, облусубуздун билим берүү системасынын түптөлүшүнө агайдын эмгеги зор.

Бала кезимдеги окуучулук күндөрүмдө облустук окуучулардын предметтик олимпиадасына кыргыз тили жана адабияты сабагынан катышып, аудиторияда бир топ окуучулар отурган элек. Ал кезде агай облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы кызматында эмгектенчү. Бизди карап: «Күлүктөн күлүк чыкса, төрт таягы тыбырайт» дейт элибизде, бизде билимдүү, алдыга озуп чыккан уул-кыздарыбыз көп болсун, мыктынын мыктысы жеңсин», — деп мотивация берген, намыстантып чыйралткан сөздөрү али эсимде. Ошондо мыктынын мыктысы болууга, ар дайым алдыга чоң максаттарды коюп, терең билимге умтулуу керектигине шыктангам. Сүрдүү дагы, мээримдүү дагы жүзүндөгү чыныгы жетекчилиги менен акыл-кеңеш берип, нускалуу сөз айтып өткөн сапатын үлгү туткам. Мен жогору баалаган, бийик адам, кийин ата-энемдин жолун улап мугалимдик кесипти аркалап, эмгек өтөп калганымда агай чыныгы устат болду.

«Азыр эбегейсиз жаңылануунун заманы. Эртең мененки алган маалыматың кечке жакын эскирип калат. Тынымсыз аракеттенүү, изденүү жолунда болуу керек. Окуучулар мугалимден көптү үмүттөнүп карап турат. Окуучунун кадырына ээ болуш үчүн, ошончолук окуучуга жакын болуу керек, окуучунун тагдыры мугалимдин колунда, анын образы окуучунун көзүнүн карегинде, окуучу менен бирге ийгиликти жаратуу, бир кайыкта эки калакты чогуу түртүү керек. Yзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү жолунда болуп, таң эрте тургандан тарта келечек үчүн талыкпай эмгек жумшоо керек. Баштаган иштин өтөөсүнө чыгып, ар дайым аракеттенүү, терең билимге, кеменгерликке умутулуу керек, илим жолуна түш, кийинки муунга, замандаштарыңа үлгү болгудай өмүр сүр. Эң негизгиси канчалык даражага жетсең да, адамгерчилик сапатты жоготпоо керек», — деп улуу насаатын айтып, чыныгы даанышман устаттыктын, улуу педагогдун, жогорку адамгерчиликтин, акылмандыктын үлгүсүн көрсөткөн эле. Белгилүү акын А.Эгембердиевдин Жанкороз Каниметовго деген арноо ырындагы «Күжүрмөнсүз элдин жүгүн көтөргөн, басынткандан башкаларды калкалай» — деп мүнөздөмө берип, баалаган ыр саптарындай, ушул күнгө чейин өйдөмдө жөлөк болуп, калкалап, улуу кеменгер, корифей педагогдор менен тааныштырып, жол көрсөтүп, акыл -насаатын, болгон жардамын аябаган, камкордук көрсөткөн агам болду.

Устаттыктын улуу сапаттарын, терең билимдүүлүктү, жогорку адамгерчиликти, жөнөкөйлүктү, асылдыкты Жангороз Каниметовичтен көрдүм. Ар бир адам ушундай бийик даражасына текеберсинбей, жөнөкөйлүк менен жаштардын далаалатын баалап, алга умтулууга жардам берип, чыныгы кыргыз элине таандык акылмандыкты, таалим-нусканын үлгүсүн көрсөтө билген, кыялыңа канат байлап эл кызматында бол деп таптап учура билген устат, элдик адамдын жүзүн тааныта билсе, анда келечек муунга мыкты жол көрсөткөн болор элек.

Мугалим — жаш муундун канатын күүлөп, келечегин жаркын кылган, турмуш жолуна таптаган, билимдүүлүктүн үлгүсүн көрсөткөн, ага шыктандырган, жүрөгү кенен, мээримдүү, ата-энедей камкор, баланын жан дүйнөсүн терең тааныган, ага кеңешчи, курбу, биргелешип кыйынчылыкты жеңе билген шериктеш, окуучу өмүр бою сый-урматта жүрөгүндө сактай турган асыл инсан.

Ал эми жетекчи — алысты көрө билген, тынымсыз жаңылануунун жолун салган, креативдүү ой жүгүрткөн, ийкемдүү, жөнөкөй, жогорку адамгерчилик сапатты эч качан жоготпогон, заманбап менеджер, кеменгер ойчул, лидер, баамчыл, жетектеген мекемесине темирдей бекем тартипти, гүлдөгөн өсүп-өнүгүүнү алып келген, ар бир кызматкердин кадыр-баркын баалай билген, турган турпаты менен үлгү көрсөткөн, илим жолуна умтулган, элине ак, адал кызмат өтөгөн инсан. Бул сапаттардын бардыгы агайга таандык эмеспи. Ал элдик педагог, улуу устат, кеменгер атуул, асыл адам болгон. Бүгүнкү муун, мектеп системасындагы ар бир мугалим, ар бир жетекчи Жанкороз Каниметовичтен улуу өрнөктүү эмгегин, жолун, асыл сапаттарын үлгү тутуп, эмгегин бааласак зор табылгага ээ болобуз. Ар элде акылмандар аз, бирок ошол кеменгерлердин өрнөгүн, өзгөчөлүгүн баалаган урпагы, эли, шакирттери болот. «Эмгекчилдин эмгеги — байлык, билимдүүнүн пикири — байлык» дейт элибизде. Агайдын ар бир калтырган эмгеги, илимий иштери, акыл-насааты, билим берүүдөгү башкаруу системасындагы чапкан жолу эч качан унутулбайт. Келечек муунга өрнөктүү жолун тааныта билсек, элдик педагогубуздун, улутубуздун улуу жолу уланат!

Нургүл Шарапова, USAID «Окуу керемет» долбоорунун Ысык-Кɵл облусу боюнча тренинги

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасындагы билим берүү тармагынын башкаруу системасын, жаңылануу жолун түптөгөн, «Мугалимдердин статусу» (2000), «Билим берүү жөнүндө» (2003), «Экологиялык-экономикалык Ысык-Көл системасынын туруктуу өнүгүшү жөнүндө» (2004) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын автору болгон.

Бөлүшүү

Комментарийлер