ЭМГЕК АКЫ ЖОГОРУЛАДЫ

  • 23.01.2024
  • 0

Б.Бейшеналиева атындагы КММИУда бир жыл аралыгында жасалган айрым жумуштары менен ректор Т.Колдошов ФБ баракчасында бөлүштү.

ЭМГЕК АКЫ ЖОГОРУЛАДЫ

✅ Окуу пландары мамлекеттик стандартка ылайыкталды, толукталды;

✅ Окуу процесси EBilim автоматташтырылган системасына өткөрүлдү;

✅ Окуу процессине тиешелүү 5 жобо иштелип чыкты;

✅ КММИУну 2023-2028-жылдары өнүктүрүүнүн стратегиялык планы бекитилди;

✅ Республикадагы маданият, искусство багытындагы орто кесиптик окуу жайлар менен өз ара келишимдер түзүлдү;

✅ 7-Канал, УТРК менен ар тараптуу кызматташуу меморандумга кол коюлду;

✅ Министрликтин алдындагы Маданий борбор уюштурган  Республикалык оркестрлердин конкурсунда 1-орун, Хор коллективдеринин жарышында 1-орун, бийчилер арасындагы мелдеште 2-орунду ээледик;

✅ Илимий журнал жарык көрдү (мындан ары квартал сайын үзгүлтүксүз чыгарылат);

✅ 2023-жылдын 30-июнунда 2 окутуучубуз бир күндө илимий диссертациясын ийгиликтүү коргошту;

✅ 2023-жылдын 31-августунда КР Президентинин Жарлыгына ылайык 3 окутуучубуз маданиятка, билим берүүгө эмгек сиңирген наамдарын алышты;

✅ Жумушка келип, келбей жүргөн кызматкерлер, окутуучулар (!) менен эмгек келишими токтотулду;

✅ Студенттик жатаканадагы төлөнбөй калган төлөмдөр окуу жайдын эсебине өндүрүлдү;

✅ Студенттик жатаканага китепкана ачылды;

✅ Студенттер үчүн матрацтар, жаздыктар алынды, кир жуугуч машиналар орнотулду;

✅ Окуу корпусунун сырты, жатакананын коридорлору краскаланды, университеттин аты жазылды, биринчи кабаттын терезелери толук алмаштырылды;

✅ Студенттердин саны көбөйдү;

✅ Атайын эсептин каражаты 3 эсе жогорулады;

✅ Квалификацияны жогорулатуу борбору ишин баштады;

✅ Аспирантура ачылып, талапкерлер кабыл алынды;

✅ Театр факультетинин студенттери Өзбекстан мамлекеттик маданият жана искусство институтуна, Эстрада бөлүмүнүн студенттери ОшМУнун Искусство факультетине академиялык мобилдүүлүккө барып келишти;

✅ Сырттан окуу бөлүмүндөгү студенттердин сабактарга катышууларын активдештирүү колго алынды;

✅ Илимий конференциялар, чыгармачыл кечелер уюштурулуп, өткөрүлдү;

✅ Бир жыл аралыгында 2 жолу окутуучуларга, кызматкерлерге сый акы берилди;

✅ Эки жолу сааттык төлөмдөр атайын эсептин каражатынан жогорулатылды (2023-жылдын сентябры, 2024-жылдын январы);

✅ «Жаңы ысымдар» эл аралык студенттердин фестивалын жогорку деңгээлде уюштурулду;

✅ КР Президентинин колдоосу менен Театр, Искусство, Кино жана телекөрсөтүү факультеттерине техникалар, музыкалык аспаптар сатып алынды (Алынган техникалар, аспаптар боюнча атайын материалдарды жарыялайбыз). ж.б.

— Албетте, катачылыктар кетти. Кемчиликтерибиз бар, аларды акырындык менен жоебуз. Ынтымактуу жамаатыбыздын ырыскысы түгөнбөсүн! – дейт ректор.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер