ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ЖАҢЫ ФОРМАТТА ӨТӨТ
- 24.12.2025
- 0
IV Элдик курултай 2025-жылдын 25-декабрында жаңыланган форматта өтөт.

Бул курултайдын делегаты, Кыргызстандын Пенсионерлер союзунун төрагасы Эсенгул Исаков билдирди. Анын айтымында, 25-декабрда өтө турган курултайга 700 делегат шайланган.
— Бул жыйындарды өткөрүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн жасалууда. Анткени мурдагы курултайларда көптөгөн делегаттар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн издеп фойеде чуркап жүрүшүп, суроолоруна жооп алууга аракет кылып, жыйындын айрым бөлүгүн өткөрүп жиберишчү. Белгилүү болгондой, курултайда өлкө Президенти отчет берет жана бардык делегаттар залда отуруп, сүйлөп жаткан адамдарды тынч угушу туура болот, — деди Эсенгул Исаков.
Бул жолу биринчи жолу 24-декабрда Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү менен жолугушуу өтүп жатат. Ар бир делегат суроосун жазып же түз берип, жооп ала алышууда. Демек, курултай дагы бир күнгө узартылып жатканын Э.Исаков баса белгиледи.
Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо, координациялоо боюнча уюштуруу комитети жана убактылуу Жобо бекитилген. Делегаттар «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамга ылайык шайланып келишти.
Министрлер Кабинети, Президенттин иш башкармалыгы, облустук администрациялар, жергиликтүү бийлик жана тийиштүү мекемелер курултайды уюштурууга милдеттендирилген.
Былтыр Элдик курултай 20-декабрда өткөн. Ага 698 делегат катышкан.
24-декабрда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева тармактык орун басарлары менен бирге IV Элдик Курултайдын делегаттарын кабыл алып, алардын маселелерин угуп, суроолоруна жеринде жооп беришти.
Министрликке жалпы 350гө жакын кайрылуу келип түштү, алардын басымдуу бөлүгү аймактарда билим берүү уюмдарын курууга байланыштуу.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер