ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРЕТ

  • 06.02.2025
  • 0

Бишкек шаарынын Төлөгөн Касымбеков атындагы борбордук китепканасында Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын жана китепканачы Жантөрө Сурановду эскерүү кечеси болуп өттү. Ал өлкөбүздүн маданият тармагында үзүрлүү эмгектенип, өмүрүнүн акыркы жылдарында шаардык борбордук китепканада иштеген.

ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРЕТ

Маалыматка таянсак, акындын өмүр жолуна жана чыгармачылыгына арналган видеотасма көрсөтүлгөндөн кийин Бишкек шаарынын борборлоштурулган китепканалар тармагынын директору, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Күлсайра Дандыбаева Жантөрө агай менен болгон эсте калуучу жагымдуу учурларга токтолуп, кечеге келген меймандарды көрүүчүлөргө тааныштырды.

ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРЕТ

Кыргыз эл артисти, белгилүү режиссер Мелис Шаршенбаев, Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармасынын башкы адиси Апал  Абдыкеримова, Ж. Сурановдун жубайы Мыскал Осмоналиева, кайниси Жетиген Осмоналиев, кызы Гүлбарчын Суранова, уулу Мырза Суранов, Кыргыз эл акыны Жедигер Саалаев, жазуучу Смальтбек Темиралиев акын жана китепканачы Жантөрө Сурановдун иштермандыгына, өзгөчө адамдык асыл сапаттарына көбүрөөк басым жасашты.

ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРЕТАкындын бир нече ырларына обончулар обон чыгарышкан. Маданияттын мыкты кызматкерлери Баатырбек жана Фарида Өмүрзаковдор Жантөрө Сурановдун текстине жазылган бир нече обондуу ырларды жогорку чеберчиликте аткарып беришти. Көрүүчүлөр Мураталы Күрөңкеев атындагы Улуттук музыкалык окуу жайынын жаш өнөрпоздору аткарган ырларга алакандары ысыганча кызуу кол чабуу менен коштоп турушту.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер