ЭЛ АРАЛЫК WORLDSKILLS КОНКУРСУНУН КАТЫШУУЧУЛАРЫНА СЫЙЛЫК БЕРИЛДИ

  • 19.09.2024
  • 0

18-сентябрда Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик башталгыч билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлнура Мамырова Кара-Кол шаарындагы №89 кесиптик лицейдин окуучусу Аяна Абдиталиповага, ОшМУнун Индустриалдык педагогикалык колледжинин окуучусу Жолдошбай кызы Наргизага жана Беловодское айылындагы №28 кесиптик лицейдин окуучусу Эльдар Бакировго ыраазычылык каттарды жана белектерди тапшырды.

Бул балдар 10-15-сентябрда Францияда өткөн эл аралык WorldSkills сынагына катышты. Алар сынактын жүрүшү жана атаандаштары тууралуу айтып беришти.
Гүлнара Мамырова WorldSkills II Улуттук чемпионатын даярдоого жана өткөрүүгө каржылык каражат бөлүнөрүн билдирди.

Ошондой эле бүгүнкү күндө өнөр жай ишканалары өсүп жатканын, андыктан экономиканы өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычы жумушчулар болгондуктан, ошол ишканалардын суроо-талабына жараша программаларды жаңыртышыбыз керектигин кошумчалады.

ЭЛ АРАЛЫК WORLDSKILLS КОНКУРСУНУН КАТЫШУУЧУЛАРЫНА СЫЙЛЫК БЕРИЛДИ

Бөлүшүү

Комментарийлер