ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ КЫШКЫ СПАРТАКИАДА БАШТАЛДЫ

  • 28.01.2020
  • 0

Бүгүн К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин профессор-окутуучулар курамы жана кызматкерлери арасында өткөрүлүүчү спартакиаданын салтанаттуу ачылышы болду.

ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ КЫШКЫ СПАРТАКИАДА БАШТАЛДЫ

Ага окуу жайдын структуралык бөлүмдөрүнөн беш команда катышып, спорттун тогуз түрү: волейбол, баскетбол, мини футбол, стол тенниси, чатыраш, комбинацияланган эстафета, гиря көтөрүү, бильярд, аркан тартыш боюнча ат салышууда.

ЭАУнун ректору С.Өмүрзаков спартакиаданын ачылышында университеттин жамаатына спорттук ийгиликтерди каалап, баардыгын спорт аркылуу сергек жашоого үндөдү. Аталган спартакиаданын мелдештери университет ачылгандан, т.а. 1993-жылдан бери салттуу түрдө өткөрүлүп келет.

Бөлүшүү

Комментарийлер